Centerra «Кумтөрдүн» тышкы башкаруучусу болуп дайындалган Тенгиз Бөлтүрүктү сотко берди

Канаданын Centerra Gold Inc компаниясы 20-майда «Кумтөрдүн» убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн үстүнөн Онтарионун Жогорку сотуна арызданды.

Центерранын билдирүүсүндө Бөлтүрүктүн компаниянын алдындагы бузууларына жооп иретинде сот дооматы коюлганын, мындан тышкары, ал «кыргыз өкмөтүнүн жакында эле Кумтөр кенин басып алуусуна байланыштуу» экени айтылат.

Centerra Gold Inc Бөлтүрүккө Кумтөр кенин башкарууга түз же кыйыр катышууга тыюу салууну пландап жатат.

Centerra Gold Inc эмне дейт?

Канада ишканасынын билдирүүсүндө Бөлтүрүк Центерранын директорлор кеңешинин мүчөлүгүнөн кеткенге чейин кыргыз өкмөтү менен кенди басып алууга байланыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн делет.

«12-майда, кенди басып алганга чейин, “Кыргызалтын” 29 миллион доллар каражатты үчүнчү жакка жөнөтүлүүчү жасалма төлөм тапшырыгын колдонуу менен күмөндүү банктык эсепке которууга аракет кылган. Ал эсеп болжолу “Кумтөр голд компанинин” атына ачылган», — деп айтылат Centerra компаниясынын билдирүүсүндө.

*«Кыргызалтындын» жааматы мурдаарак билдирүү жасап, Тенгиз Бөлтүрүктү ортомчу адамдар аркылуу компаниядан жүз миң деген долларды чыгарууда деп айтышкан. Компаниянын кызматкерлери акчаларды чыгарууга кыргыз өкмөтүнүн Centerra Gold Inc ишканасында директорлор кеңешинде мүчөлүк кылган өкүлү Нурлан Кыштобаев дагы катышууда деп кошумчалашкан. Бул убакыт аралыгында Бөлтүрүк Центерранын директорлор кеңешинин курамында болгон.

Мындан тышкары, билдирүүдө Centerra Gold ишканасынын аткаруучу директору Скотт Перринин сөздөрү келтирилген. Ал компанияны айлана-чөйрөнү булгоого, экологиялык нормаларды бузууга айыптоону «Кыргызстандын расмий бийлиги» жана Бөлтүрүк өзү колдонуп жатат деп эсептейт. Ошондой эле, Кумтөр кенин басып алуу дагы «өзүлөрүнүн мыйзамсыз кылык-жоругунан элди алаксытуу максатында» болуш мүмкүн.

Ошол эле учурда, Перри Центерра талаштуу маселелерди диалог аркылуу чечүү үчүн кыргыз өкмөтү менен иштөөгө даяр экенин кошумчалаган.«Ошол эле убакта, өкмөттүн кастык аракеттери бизге Центерранын жана анын акционерлерин бардык мыйзамдуу каражаттар менен коргоону улантуудан башка арга калтырбай жатат», — деп жыйынтыктаган Перри.

«Кумтөрдүн» айланасында эмне болуп жатат?

Парламентте 17-майда Кумтөр кенине жана алтын казуучу «Кумтөр Голд Компани» ишканасына байланышкан кезексиз жыйын өткөн. Анда 91 депутат «Кумтөргө» убактылуу тышкы башкаруучуну дайындоого макулдугун берген. Кийинчерээк тышкы башкаруучулук кызматка президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси жана Центерра Голддун директорлор кеңешинин экс-мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк дайындалган.

Буга чейин, 7-майда, Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүп алууну чечкен.

Ал эми 12-майда Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия ишинин алдын ала жыйынтыгын чыгарып, алтын казуучу компаниядан, буга чейин сот талап кылган каражаттарды эске алуу менен 459 млрд сом (4 млрд 252 млн доллар) өндүрүп алууну сунуштаган.

15-майда Октябрь райсоту «Кумтөр Голд Компани» ишканасын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздары бар болгондуктан кошумча дагы 2,1 млрд сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

Ошондой эле 15-майда укук коргоо органдары «Кумтөр» компаниясынын кеңселеринде тинтүү жүргүзүшкөн.

Жогорудагылардын баарынан улам Centerra Gold Inc.Кыргызстандын өкмөтүнө каршы эл аралык арбитражга кайрылган.Европанын реконструкция жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) мамлекеттин компанияны «жутуп алуусу» Кыргызстандын экономикасын калыбына келтирүүнү да, республиканын инвесторлор алдындагы беделин да түшүшүрүп коркунучка кептээрин билдирген.

Канаданын өкмөтү да Кумтөрдүн айланасында болуп аткан окуяга карата үн каткан. Билдирүүгө ылайык, «Кумтөр Голд» компаниясына тышкы башкаруу киргизүүгө өтүү Кыргызстанга «түз келген чет өлкөлүк инвестицияларга узак убакытка залалын тийгизиши ыктымал».

Ошондой эле Centerra Gold «Кумтөр Голд Компани» ишканасына тышкы башкаруучу дайындалганына кыргыз өкмөтү өзүнө алган милдеттерин бузуп, «кенге карата көзөмөлдү тартып алды» деп жооп берген.

Мындан тышкары, компания «Кыргызалтынга» ишкананын акцияларын сатууга жана алмаштырууга тыюу салган, ал эми мамлекеттик ишкана жана ага байланышкан компанияларга төлөнө турган дивиденттердин баары Centerra Gold Inc компаниясына өткөрүлөт.