«Түштүктө иштегендер түндүккө кетти». Өлкөдө район акимдери ротация болду

Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов 23-майда Ош облусундагы Ноокат районунун тургундары менен жолугушууда президент Садыр Жапаров район акимдерин ратациялоо тууралуу жарлыкка кол койгонун билдирди.

Мариповдун айтымында, министрлер кабинети район башчыларын дайындоонун принцибин толугу менен өзгөртүүнү чечкен.

«Өлкө түштүгүндө иштегендер эми түндүк тарапка, ошондой эле түндүк тараптагылар түштүккө багытталат. Мунун бардыгы жер-жерлердеги орнотулган ыкмаларды жоюу иретинде жасалууда. Жаңыча иштеп баштоо керек. Биз акимдердин натыйжалуу иштеши үчүн бардык шарттарды түзөбүз, инвесторлорду тартабыз, ал эми жергиликтүү жетекчилер аларга ишенип берилген аймактагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү жакшыртуу үстүндө түздөн-түз иш алып барышы керек», — деди Марипов.

Марипов Ноокат районунун тургундары менен жолугушууда.

Буга чейин президенттин басма сөз кызматы Садыр Жапаров өлкөнүн район башчыларын ротациялоо тууралуу жарлыкка кол койгонун кабарлаган болчу.

Маалыматка ылайык, атайын түзүлгөн аттестациялык комиссия тарабынан өлкө боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары аттестациядан өткөрүлгөн. Ал эми талапкерлерди тандоо милдетин Мамлекеттик кадр кызматы аткарган.