Жалал-Абадда 17 жаштагы өспүрүм эки айылдашы жана эки классташы тарабынан сабалды

Сузак району

Жалал-Абад облусунун Сузак районун 17 жаштагы тургуну эс-учу жоголгуча сабалып, облустук ооруканага түшкөн. Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей, аны төрт өспүрүм 22-майга караган түнү ур-токмокко алган.

«Бул окуя түнкү саат 01:15 чамасында Сузак районунун аймагында болгон. Окуяга катыштыгы бар 4 баланын аты-жөнү аныкталып, ошол эле күнү 22-майда милицияга алынып келинген. Сабаган балдар экөө жабырлануучунун айылдашы, экөө классташы. Тергөөнүн жүрүшүндө жабырлануучунун атасы арыз жазган», — деди Жээнтаев.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Ден соолукка оор зыян келтирүү» беренеси менен катталып, тергөө амалдары улантылууда. Ал эми шектүүлөрдүн бөгөт коюу чарасы 23-майда Сузак райондук соту тарабынан каралып, үй камагына чыгарылган.

Буга чейин 16-апрелде Баткен облусунун Кара-Бак айылында 15 жаштагы мектеп окуучуларынын арасында урууга бөлүнүүнүн себебинен массалык мушташ орун алган. Анын кесепетинен төрт окуучу ооруканага түшкөн.

Мындан сырткары, 9-апрелде Ысык-Көл облусунун Кашка-Суу кичи районунун жанындагы футбол аянтчасында 5 баланын ортосунда мушташ чыккан. Анын кесептинен бир окуучу башынан жаракат алып ооруканага жаткырылган. 15-апрелде анын башына операция жасалган.