«Бугу-Эне» фонду Каракол зоопаркындагы сүлөөсүндү дарылоого жардам сурайт

Жапайы жаныбарларга жардам көрсөткөн «Бугу-Эне» коомдук фонду Караколдогу зоопаркта түркстан сүлөөсүнүнөн эки тараптуу пневмония аныкталганын кабарлады.

Фонддон белгилешкендей, азырынча оорунун себеби белгисиз. Сүлөөсүндүн эркеги 24-майга караган түнү кароо жана дарылоо үчүн реабилитациялык борборго жеткирилген.

«Алты жыл мурда тоодо бир өлүмдөн калган. Бул жолу дагы сактап калууга аракет кылабыз», — деп билдиришти фонддон.

«Бугу-Эне» жаныбарларды сактап калууга көмөктөшүүнү каалаган жарандарга кайрылат. Жардам бергиси келгендер фонддун бир нече банктык эсебине жана «Элсом» капчыгына каражат которсо болот:

  • VISA бизнес картасы 4169 6151 8789 2652 
  • «Элсом» электрондук капчыгы 0553634238 
  • «Оптима Банк» 1091820239920161, BIC/БИК 109018, SWIFT: ENEJKG22⠀

Түркстан сүлөөсүнү ак-илбирс сыяктуу эле Кыргызстандын кызыл китебине киргизилген, аны атуу же терисин сатуу үчүн 50 миң сом штраф салынат.