Молдовановкадагы колониядан качууга аракеттенген эки кишинин бирөө октон каза болду

Чүй облусунун Молдовановка айылында жайгашкан №27 колониядан качууга аракет кылган эки адамдын бирөө каза болуп, экинчиси колго түштү. Бул тууралуу «Клоопко» Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынын башкы адиси Элеонора Сабатарова билдирди.

«25-майдан 26-майга караган түнү абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 1963-жылы жана 1999-жылы туулган эки адам тосмодон секирип, качууга аракет кылышкан. Колонияны кайтарган аскер кызматкерлери алгач эскертүү иретинде абага ок аткан. Бирок ага баш ийишпегендиктен ок атуу уланып, качып бараткандардын бирөө каза болуп, экинчиси кармалган», — деди ал.

Сабатарова бул окуяны ыкчам тергөө тобу иликтей баштаганын билдирди. Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Абактан качууга аракет кылган эки кылмышкер адам өлтүрүү, жашы жете электерди зордуктоо өңдүү оор кылмыштар боюнча айыпталып, он жылдан 21 жылга чейин соттолгон.

Молдовановка айылындагы №27 колонияда оор кылмыш жасаган жана террорчулукка айыпталган кылмышкерлер жаза мөөнөтүн өтөйт.

Буга чейин, 2015-жылы Төмөнкү Нооруз айылындагы түзөтүү абагынан тогуз кылмышкер качып кеткен. Алар абактын үч кызматкерин өлтүрүп, дагы бирөөсүн оор жарадар кылган. Качкандардын алтоосу кармалып, колго түшкөндөрдүн үчөөсү көп өтпөй белгисиз себептен улам абакта каза болгон.

Ал эми изин жашырып кеткен үчөө киши атайын кармоо операциясы маалында каза болгон. Милициянын версиясы боюнча, алар каршылык көрсөтүүгө аракет кылышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Чүй облусу: Тергөө абагынан тогуз кылмышкер качып, үч кызматкерди өлтүрүштү

№2 абактан камактагы аял качып кетти