Саясий кырдаалдан улам «Дело №...» гезити мындан ары басылып чыкпайт

Апта сайын жарык көргөн «Дело №…» гезити мындан ары кагаз түрүндө басылып чыкпайт. Бул тууралуу гезиттин акыркы санында айтылат. Гезиттин акыркы саны 2021-жылдын 26-майында жарык көргөн.

Себеби эмнеде?

Редакция окурмандарга кайрылуусунда гезит «өлкөдө орногон жол берилгис саясий кырдаалга» байланыштуу чыкпай калганын түшүндүргөн.

Гезит 30 жылдык өмүрүндө «кызыктуу жана оор жолду басып өтүп, Кыргызстандын тарыхында көзгө көрүнөрлүк из калтырганы» белгиленет.

«Эркиндикти сүйгөн коомчулук менен биргеликте биз өлкөнүн кайра түзүлүшүндө жана көз карандысыз Кыргызстандын түптөлүшүндө көп нерсеге умтулдук жана жетиштик. Эми минтип болбогон жарым жыл ичинде республикада ушундай төңкөрүш болду… Бардыгы астын-үстүн болуп кетти», — деп жазылат кайрылууда.

Гезиттин редакциясы жеңиш менен алынган эркиндиктин жана демократиянын принциптери «иш жүзүндө алып караганда жокко чыгып калганын» билдирет.«Чыга келген жаңы башкаруучуларда акыл-эс, логика жана мамлекеттик башкаруунун элементардык дагы жөндөмдөрү жок. Өлкө көз алдыбызда кыйрап жатат… Бийликке келген адамдар, алардын артында тургандар эмнени ойлоп таап, эмненин ичинен чыгаары белгисиз. Бир нерсе эле жакшы белгилүү: урандыларды отоо чөп басат», — деп «Дело №…» гезтинин редакциясы кайрылуусун жыйынтыктаган.

«Дело №…» тарыхы

«Дело №…» гезити 30 жыл бою жарык көргөн. Алгачкы саны 1991-жылдын 7-мартында чыккан.

Басылмага ээлик кылгандар Виктор Запольский жана Светлана Красильникова, 1990-жылы декабрь айында гезитти каттатышкан. Дал ушул адамдар 30 жылдан бери алмашкыс жетекчи болуп иштеп келишкен. Запольский азыр гезит ээси, ал эми Красильникова — башкы редактор.

«Дело №…» гезитинин нускасы бир убактарда 50 миңден 70 миңге чейин жетип турган. Акыркы жылдары нускасы азайып, популярдуулугу дагы басаңдаган. Акыркы саны болгону 4 миң 200 нуска менен жарык көрдү.

Басылманын онлайн-версиясы дагы бар, ал жакка дагы материалдар чыгып турат. Басылма мындан ары онлайн форматта иштейби же ишмердүүлүгүн биротоло токтоттубу, белгисиз.

«Дело №…» жана сот процесстери

Негизи «Дело №…» башталышында кылмыш иштери жана кылмыш хроникасына басым жасап, өлкөдөгү чуулгандуу иштердин чоо-жайын иликтеп, ийне-жибине чейин жазып келген.

Бирок акыркы жылдары гезитти журналисттик этиканы бузууга айыптап, андагы жарыяланган материалдардын мазмунун төгүндөгөн учурлар көп катталган.

«Дело №…» бир нече жолу сот отурумунда жоопкер дагы болгон, гезитти ар-намыска доо кетирди деп айыптап сотко кайрылышкан. Мындай доо арыздардын бирин 2010-жылдын август айында «Халык Банк Кыргызстан» банкы жазган. Анда «Дело №… гезити банктын аброюн түшүрүүгө болгон ар кандай кайрылуулардын жана аракеттердин автору, демилгечиси болгон насыя алуучунун үйүнө байланышкан кырдаалды чагылдырган.

Ошондой эле, 2008-жылы декабрда «Дело№...» гезитинде «Адашып балталап салган» деген аталыштагы макала жарык көргөн, анда адам өлтүрүүгө байланышкан окуя тууралуу сөз болгон. Бул кылмыш ишинин айыпталуучусу Ахмаджанов биринчи жана экинчи инстанциянын соттору тарабынан акталып, андан соң бул макалада анын ар-намысына жана кадыр-баркына доо кетти деп тапкан. Ал Свердлов райсотуна доо арыз менен кайрылып, гезиттен моралдык чыгым катары 70 миң сом өндүрүүнү талап кылган.

Соттук териштирүү бир нече айга созулуп, натыйжада доогер арызын артка чакыртып алган.

2014-жылы ноябрда «Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» уюмунун башчысы Динара Ошурахунова, «Психикалык ден соолук» борборунун башчысы Бурул Макенбаева жана парламент депутат Равшан Жээнбеков ЖМКга түшкөн даттанууларды караган комиссияга кат жазышкан.

Алар «Дело №...» гезитинин редакциясы жана корреспонденти Артур Исаев тарабынан журналисттик этиканын нормалары бузулуп жатканы боюнча маселени кароону талап кылышкан. Депутат менен жарандык активисттердин нааразылыгын «Оппозиция Кыргызстанда бийликти басып алууга даярданып жатат» деген макала жараткан.

Алардын арызында, бул макалада баяндалган маалымат чындыкка дал келбейт, карандай калп жана жарыяланган материал алардын аброюна көлөкө түшүрөт деп айтылган. Ошол эле учурда, доогерлер сотко кайрылышкан эмес.

Гезитке байланышкан ызы-чуунун акыркыларынын бири 2019-жылы мартта болгон. Анда «Дело №...» «Бишкектин борборундагы педиктер менен лесбиянкалардын шабашы» деген макала жарыялаган. Мындай тема менен басылма Бишкекте 2019-жылдын 8-мартында өткөн аялдардын укугун коргоого арналган маршты чагылдырган.

Бул окуядан кийин Factcheck.kg басылмасы материалды баштан аяк талдап, медиасынын сунуштаган. Анда фактчекерлер бир гана журналисттин этикалык кодексин эмес, өлкө мыйзамдарын бузуулар бар экенин белгилешкен.