«Ою бузук сайттар менен журналисттер бар». Жапаров бийликти сындагандарга жооп берди

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактардагы фейктер бийликтин ар бир аракетин сынга алып, элдин пикирин тескери бурганга аракет жасап жатышат деп билдирди.

«Кээ бир ою бузук сайттар, журналисттер да бар. Мисалы, Каржы полициясы Ички иштер министрлигинин алдына барат экен деген маалыматты таратышты. Миграция министрлиги Саламаттык сактоо министрлигине кошулат экен деп, талкуу жаратышты. Өкмөт чечим кабыл алып, официалдуу түрдө билдирүү таратмайынча ишенбеңиздер», — деп жазды өлкө башчысы соцтармактардагы расмий барактарынын биринде.

Буга чейин социалдык тармактарда чындап эле өкмөттүн жаңы түзүмү тууралуу маалымат чыккан. Ал эми Жапаров өзү 40тан ашык ведомство жана министрликтердин ичинен 12си кайра түзүлөрүн бышыктаган. Жапаров бийликтин аракетинин жыйынтыгы элдин жана мамлекеттин пайдасына иштеп кетсе сынчылар өздөрү эле уят болот деп билдирди.

Мисалы, Финпол өкмөттүн курамынан алынат делген сөздөр болгон — бул тууралуу ведомствонун башчысы Сыймык Жапыкеев дагы айтып берген эле, ал эми президент телеграм каналында (телеграм каналы Жапаровдуку экенин басма сөз кызматы тастыктап берген) «“Мен революция жасагам, ошол үчүн ушул кызматта өмүр бою олтурушум керек, жоюлбасын” деген түшүнүктөн алыс бололу» деп жазган.

Финпол ИИМ менен бириктирилет деген дагы версиялар айтылган. Бирок өкмөт башчысы Улукбек Марипов маммекемелер бириктирилбесин айткан. Анткен менен Марипов Социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлиги бириккенин тастыктады. Ал мындай «эки бөлөк» министрликтин биригиши — «маселе эмес», ведомстволордун штаты сакталат деп билдирген. Ошол эле учурда кошула турган башка мекемелердин кызматкерлеринин саны өзгөрөбү-жокпу белгисиз.

Фейктер кантип маалыматты бурмалашат?

Кыргызстанда чындыгында эле фейк фермалар бар, алар шайлоо учурунда өтө активдүү иштешет. Медиа-менежер Жаннат Токтосунованын айтымында, «саясатчылардын бардыгы фейк топторду багышат».

Шайлоого таасир этүүгө аракет кылганы үчүн Фейсбуктан 400гө чукул фейк аккаунт өчүрүлгөн. Социалдык тармактын администрациясына шектүү аккаунттар тууралуу маалымат базасын Медиа Полиси Институту жөнөткөн. Андан соң социалдык тармактын администрациясы буга көңүл буруп, Кыргызстандагы, Казакстандагы жана башка борбор-азиялык өлкөлөрдөгү жүздөгөн фейк аккаунттарды өчүргөн.

Кыргызстанда 5-6-октябрь окуяларынан кийин башталган саясий кризис менен катар ошол кездеги премьерликке талапкер Садыр Жапаровду колдогон фейк аккаунттар пайда болгон. Алардын айрымдары саясатчыга сын айткандарды коркутуп-үркүүгө чейин барышкан. Садыр Жапаровду колдогон фейктердина арасында парламенттик шайлоодо Матраимовдор кланына тиешелүү «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын пайдасына үгүт жүргүзгөн аккаунттар бар экени байкалган.

Кошумчалай турган болсок, фейк аккаунттар менен боттор мурдагы президенттер — Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин дагы кызыкчылыктарын коргошкон.

Бул тууралуу кеңири бул жерде: Кыргызстанда фейктер фабрикасы кантип түзүлөт жана алардын акысы канча турат?