Ош: 1-класстын окуучусу Ак-Буура каналына түшүп кетип каза тапты

Иллюстративдик сүрөт

Ош шаарында 8 жашар бала Ак-Буура каналына түшүп кетип каза болду. Окуучунун ата-энеси баланын сөөгүн соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартты.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Абсаттар Тавакаловдун айтымында, окуя 20-майда орун алган. 1-класстын окуучусу калаадагы Жолон Мамытов атындагы мектепте окуган. Ал мектептен чыгып, үйүнө бараткан жолдо каналга түшүп кеткен.

«Анын сууга түшүп кеткенин көрүп калган классташтары мугалимдерге айткан. Мугалимдер куткаруу кызматын чакырган. Ал эми суудан окуучуну Төлөйкөн айылынын тургундары алып чыгышкан. Ал бир чакырымдай аралыкка агып барган», — деди Сыдыков.

Аталган факты КЖБРге «Кокустук» беренеси менен катталган.

Үстүбүздөгү жылдын 12-апрелинде Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Өзгөрүш айылында эки жашар Рамзан Айткулов да Талас дарыясына чөгүп кеткен. Аны сөөгүн ӨКМ он күн издөө иштеринен кийин да таба алган эмес. Натыйжа чыкпагандыктан аны издөө токтотулган.

Бир ай мурда Лейлектин Арка айылынын төрт жаштагы тургуну Абидин Турсунбаев каналга агып кеткен. Анын өмүрүн сактап калуу үчүн Кулунду айылынын ооруканасына жеткирүү керек эле. Бирок кыргыз-тажик чек арасында ок атышуудан улам жолдон өтүү мүмкүн болгон эмес. Наристе ооруканага жетпей чарчап калган.

Кыргызстанда 2019-жылы 148 адам сууга чөгүп кеткен — анын 25и жашы жете элек балдар болгон. 2020-жылга карата расмий статистика жарыялана элек.