Президент жана анын туугандарына байланыштуу тыюулар сунушталды

Парламент депутаты Дастан Бекешев 26-майда «Кыргызстандын президентинин милдеттенмелери жөнүндө» мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Бекешевдин мыйзам долбоору президентке ант бергенден кийин аткарууга тийиш болгон бир нече милдеттенмелерди сунуштайт.

Депутат сунуштаган мыйзамга ылайык, президент өлкө башчылык мөөнөтү аяктаганга чейин бир дагы партиянын мүчөсү боло албайт, мурда кайсыл бир партиянын катарында болсо андан чыгышы керек.

Ушул эле пунктта Бекешев Кыргызстандын президенти коомчулуктун алдында бир дагы партияны ачык колдобой турган ченемди киргизүүнү сунуштаган.

Мыйзамдагы маанилүү пункттардын бири, президенттин жакын туугандарын, же күйөөсүнүн же жубайынын жакындарын мамлекеттик кызматка дайындоого тыюу салуу. Аларга президенттин балдары сыяктуу эле Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышууга жана башка өлкөнүн шайлануучу кызматтарына дайындалууга болбойт.

Бекешевдин мыйзам долбооруна ылайык, президентке төмөнкүлөр дагы тыюу салынат:

  • президент ар жыл сайын бирдиктүү салык декларациясын белгиленген мөөнөттө берүүгө милдеттүү;
  • кандайдыр бир сот иши боюнча судьяларга көрсөтмөлөрдү, буйруктарды, оозеки же жазуу жүзүндөгү тапшырмаларды бербөөгө, судьяларга басым көрсөтпөөгө;
  • парламенттин ишмердигине кийлигишпөөгө, депутаттарды коркутпоого, маскаралабоого же ага басым көрсөтпөөгө;
  • өзүнүн жакын туугандарынын, анын ичинде жубайынын жана балдарынын жакын туугандарынын мамлекеттин кадр саясатына кийлигишүүсүнө тыюу салуу;
  • президенттин жакын туугандары түзүүчүсү болуп саналган компаниялардын мамлекеттик тендерлерге катышуусуна тыюу салуу.

Президент бул мыйзамды бузганда Бекешевдин версиясы боюнча, аны кызматынан четтетүүгө негиз болушу керек.

Мыйзам долбоору эмне үчүн керек?

Маалымкат-негиздемеде Бекешев мыйзам президент өзү, анын жакын туугандары кызмат абалынан кыянат пайдаланбашы үчүн сунушталып жатканын жазган.

Бекешев мыйзам долбоору Кыргызстан үчүн актуалдуу деп эсептейт, анткени болуп өткөн конституциялык реформадан кийин өлкө башчысы «эбегейсиз ыйгарым укуктарга ээ болуп калган». Депутаттын айтымында, аларга чектөөлөр белгиленбесе, президенттин тууган-уругуна мамлекеттин эсебинен баюуга шарт түзүлөт.

«Бирок практика көрсөткөндөй өлкөбүздүн жакынкы тарыхынан жетекчилер сабак албай келе жатат. Кайсы президент болбосун өзүнүн жакын туугандарын мамлекеттик кызмат боюнча алга жылдырууну, аларды бизнеске таланттуу деп жарыялоону калпыс иш деп карабай келе жатат, ал эми президент шайланганга чейин мындай адамдардын таланты да, компетенциясы да элге көрүнгөн эмес», — деп айтылат маалымкат-негиздемеде.