Таласта 16 жаштагы кыз көз жарды

Талас облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүндө 26-май күнү 16 жаштагы кыз көз жарды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Талас облусундагы координатору Айжамал Шамбетова «Клоопко» билдирди.

«26-май күнү эртең мененки саат 7:00дөр чамасында Кара-Буура районунун 2004-жылы туулган тургуну төрөт бөлүмүнө түшкөн. Ал ошол эле күнү 4 килограмм салмактагы уул төрөдү. Учурда эне менен баланын акыбалы жакшы», — деди Шамбетова.

Ошондой эле, ал окуя боюнча облустук милиция бөлүмүнөн келип тиешелүү процедураларды жүргүзүшкөнүн жана көз жарган кыздын күйөөсү бар экенин кошумчалады. Шамбетова мындан башка маалымат бере албастыгын билдирди.

Аталган окуя боюнча Талас облустук ички иштер башкармалыгына кайрылганыбызда учурда териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирип, кийинчерээк маалымат беребиз деп ишендирди.

Кыргызстандын үй-бүлө кодексинде, нике курагы он сегиз жаш деп белгиленген. Нике курагы жөнүндө кодекстин талаптарын бузгандар өлкө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Буга чейин Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 14 жаштагы өспүрүм кыз көз жарган. Аталган окуя боюнча иш козголгон.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, 2019-жылы өспүрүмдөргө карата 2462 кылмыш жасалган — анын 184ү оор, 36ы өзгөчө оор жана 2248и жеңил. Ошондой эле жашы жете электерге 222 жыныстык зомбулук фактысы катталган. Башкы көзөмөл органы аталган кылмыш өскөнүн жана кабатырланууга негиз болоорун билдирет. Жыныстык зомбулук эң көп Чүй облусунда катталган — 38. Андан кийин Бишкекте — 33, Ош шаарында — 27, ал эми Ысык-Көл облусунда 26 учур катталган.