Аксы районунда 7-класстын окуучусу көз жарды, милиция тергөө иштерин баштады

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 1-апрелде 14 жаштагы өспүрүм кыз көз жарды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев билдирди.

Анын айтымында, окуя тууралуу Аксы аймактык ооруканасынын даарыгери кабарлаган. Өспүрүм бүгүн саат 07:00 чамасында көз жарган. Ал райондун Кара-Суу айлынын тургуну болуп чыкты. «Турмуш» басылмасы окуучу кыз менен баланын абалы «жакшы» деп жазды.

Аталган окуя Аксы РИИБинин электрондук журналына «16 жашка чыга элек өспүрүм менен жыныстык катнашта болуу» деп катталган. Учурда бул факты боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Өспүрүмдөргө карата зомбулук

Өткөн жылдын сентябрь айында Ош шаарында 12 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 30 жаштагы таекеси кармалган. Милиция аталган факт боюнча «Он алты жашка жетелек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштап, соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Ал эми Ош ШИИБнин маалыматы боюнча, жабырлануучу кыз 11 жашта болгон.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, 2019-жылы өспүрүмдөргө карата 2462 кылмыш жасалган — анын 184ү оор, 36ы өзгөчө оор жана 2248и жеңил.

Ошондой эле жашы жете элек балдарга 222 жыныстык зомбулук фактысы катталды. Башкы прокуратура аталган кылмыш өскөнүн жана кабатырланууга негиз болоорун билдирет. Жыныстык зомбулук эң көп Чүй облусунда катталган — 38. Андан кийин Бишкекте — 33, Ош шаарында — 27, ал эми Ысык-Көл облусунда 26 учур катталган.