Улуттук энергохолдинг энергокризистен чыгуу үчүн чыгымдарын 1,7 млрд сомго кыскартты

Улуттук энергетикалык холдинг 26-майда өзүнүн бир катар ишканаларынын чыгымдарын 1,7 млрд сомго кыскартканын кабарлады. Мындай чечимге аталган ишкана Кыргызстандын энергетика тармагындагы кризистик абалдан улам келген.

Төмөнкү компанияларда кыскартуулар орун алды:

  • «Электр станциялары» – 898,8 млн.сом;
  • «Түндүкэлектр» — 477,6 млн.сом;
  • «Кыргызстандын УЭТ» — 142,7 млн.сом;
  • «Ошэлектр» — 81,3 млн.сом;
  • «Чыгышэлектр» — 49,5 млн.сом;
  • «Жалалабадэлектр» — 40,7 млн.сом;
  • «Бишкекжылуулуктармактары» — 21,8 млн.сом;
  • Чакан ГЭС» — 10,2 млн.сом.

Мындан тышкары, холдингдин бир катар кызматкерлери да кыскартылган. Улуттук энергетикалык холдинг ишкананы оптимизациялоо үчүн директорлор кеңешинин бир мүчөсүн, кеңешчини жана алты кызматкерди кыскарткан. Ошондой эле башкы дирекциянын мүчөлөрү жана холдингдин тогуз компаниясынын жетөөсүнүн ар биринен бирден кызматкер кыскарган.

«Ички аудит кызматтары жоюлду. Ошол эле учурда, ички аудит кызматтарынын жоюлушуна байланыштуу, туунду компаниялардын каржылык-чарбалык ишин натыйжалуу контролдоо максатында текшерүү комиссиясынын иши күчөтүлөт», — деп айтылат холдингдин билдирүүсүндө.

Ошондой эле, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмүн 8,2 млрд кубометрден азайтпай сактап калуу максатында Бишкек ЖЭБде электр энергиясын өндүрүү максималдуу көбөйтүлөт.

«Бул иш-чара болжол менен 1,1 млрд кубометр сууну үнөмдөөгө мүмкүндүк берет, бирок ошол эле учурда отун ресурстарын (көмүр, газ, мазут) сатып алууга кошумча 2,7млрд сом талап кылынат», — деп белгилешти холдингден.

Улуттук энергохолдинг көргөн чаралардан тышкары өлкө бийлиги калк үчүн электр энергиясына болгон тарифти көбөйтүүнү сунуштап жатат. Мындай сунушту биринчи болуп президент Садыр Жапаров айтып чыккан.

Кийинчерээк энергетика жана өнөр-жай министри Кубанычбек Турдубаев тарифтерди көбөйтүү «токтобой өсүп жаткан керектөөнү кармап калууга» жардам бере турган аргасыз чара экенин түшүндүргөн.

Башкы сүрөт: Улуттук энергохолдинг