«Жооптуу кесип». Жапаров менен Ташиев чек арачыларды кесиптик майрамы менен куттукташты

Президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев чек арачыларды кесиптик майрамы менен куттуктады.

Алар экөө тең өз билдирүүлөрүндө чек арачынын жумушу татаал жана жооптуу экенин баса белгилешти. Мындан тышкары, Жапаров дагы, Ташиев дагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу эскеришти.

Жапаров эмне деди?

Өлкө башчысы куттуктоосунда курман болгон чек арачыларды — Равшан Муминов*, Манасбек уулу Нурсултан, Кубанычбеков Эсентур жана Юлдашев Бекзодду** — эскерди. Президент «ушундай уулдары бар үчүн Кыргызстан эгемендүүлүгүн жоготпойт» деп белгиледи.

*Прапорщик Равшан Муминов 2019-жылы 16-сентябрда Лейлек районундагы Максат айылына жакын кыргыз-тажик чек арасында ок атышууда каза тапкан. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, анда 13 адам жарадар болгон. Тажаик тараптын маалыматына ылайык, 12 адам жарадар болуп, үч тажикстандык каза тапкан.

*Прапорщик Юлдашев Бекзод, капитандар Манасбек уулу Нурсултан жана Кубанычбеков Эсентур 29-апрелден 1-майга чейин уланган кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда каза табышкан.

Тема боюнча:

«Көздөн жаш эмес, кан агат». Тажик агрессиясынын курмандыктарына арналган онлайн-эстелик

«Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болуп өткөн кайгылуу окуянын сабактары талдоого алынып, улуттук чектерди ишенимдүү кайтарууну жогорулатууга, чек арага жакын райондордо жашаган тургундардын тынч жашоосун коргоого жана эки мамлекеттин, элдердин ортосундагы коңшулук жана достук мамилелерди калыбына келтирүүгө багытталган так чечимдер кабыл алынып жатат.

Биздин ата-бабаларыбыздын кылымдар бою калыптанган өз ара ишенимин калыбына келтирүү өтө маанилүү жана мындан ары ушуга окшогон чек ара чыр-чатактарынын кайталанышына жол бербөө керек», — деп белгиледи Жапаров.

Ташиев эмне деди?

УКМКнын башчысы чек арачылардын куралдуу чыр-чатак учурундагы аракети «алардын эрдигинин бир мисалы» деди.

«Өлкөнүн түштүгүндөгү чек ара аймагындагы чыр-чатак учурунда чек арачылар жана Чек ара кызматынын атайын багыттагы аскерлери сыноодон абийирдүүлүк менен өттүСилердин аракеттериңердин аркасында биздин өлкөнүн эли өз үйлөрүндө тынч уктай алышат», — деди Ташиев.

Куралдуу жаңжал

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында 29-апрелден 1-майга чейин куралдуу жаңжал болгон. Алдын ала маалыматка ылайык, чек ара чыры тажик тарап «Головной» суу бөлүштүрүүчү каналында видео камера орноткондуктан улам чыккан.

Куралдуу кагылышууда Кыргызстан тараптап 36 адам каза тааап, 154 киши жарадар болгон. Тажикстандын бийлиги 19 жараны мерт болуп, 87 адам жарадар экенин билдирген.

Ок атууну биротоло токтотуу келишими 1-майда Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчылары жолуккандан кийин мүмкүн болгон.

Ал эми 3-майда эки тарап кошумча күчтөрдү жана каражаттарды мамлекеттик чек ара тилкесинен туруктуу жайгаштырылган жайларына чыгарып кетүүнү аягына чыгарышкан. Ошол эле күнү эки өлкөнүн бийлиги кылмыш иштери козголгонун билдиришип, жаңжалдын чыгышына бири-бирин күнөөлөшкөн.