Суракматов экс-депутат менен бирге 15 гектар муниципалдык жерди саткан — Башкы прокуратура

Башкы прокуратура Бишкектин экс-мэри Азиз Суракматовго карата козголгон кылмыш иштин чоо-жайын айтып берди. Ал коррупция жана мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган.

Буга чейин УКМК Суракматов калаа башчысы болуп турганда муниципалитеттин кызмат адамдары менен курулуш компаниялардын өкүлдөрү менен бирге коррупциялык схема түзгөн деп маалымдаган. Схема муниципалдык жерлерди коммерциялык имараттар менен көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн сатып алууга байланыштуу болгон.

Башкы прокуратура бул ишке Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ж. Кудайбергенов (Жаныш Кудайбергенов)* аралашканын билдирди. Ал көзөмөл органдын маалыматына ылайык, Суракматовдун аталаш тууганы болуп эсептелет.

*Жаныш Кудайбергенов — парламенттин 5-чакырылышынын депутаты.

Башкы прокуратуранын версиясына ылайык, алар «муниципалдык жер тилкелери базар баасында атаандаштыкдын негизинде берилиши керек экендигине карабастан, коррупциялык схеманы колдонуп Бишкектин түштүк бөлүгүнөн 15 га жана 1,83 га, ошондой эле шаардын башка аймактарынан кымбат баалуу жер тилкелерди жеке менчикке алышкан».

«Алар [Суракматов жана Кудайбергенов] өздөрүнүн жакын туугандарына жана байланышы бар (аффилированный) курулуш компанияларына көп кабатту турак үйлөрдү, кафе, ресто-барларды мыйзамсыз куруу, сатуу жана ижарага берүү максатында жер тилкелерди жеке менчикке жана узак мөөнөткө алышкан. Натыйжада аталган адамдар жана алардын туугандары миллиондогон бааны түзгөн активдерди кирешелер боюнча декларацияга көрсөтүшпөй эбегейсиз байышкан», — деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.

УКМК Суракматовдун жана анын туугандарынын байлыгы 50 млн доллардан ашаарын билдирген. Баш калаанын экс-мэри Азиз Суракматов 26-майда кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 28-майда мурдагы мэрди 26-июнга чейин УКМКнын тергөө изоляторуна киргизген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкектин экс-мэри Суракматов эки айга тергөө изоляторуна киргизилди