Бишкектин экс-мэри Суракматов эки айга тергөө изоляторуна киргизилди

Бишкектин Биринчи май райондук соту 28-майда Бишкектин мурдагы мэри Азиз Суракматовдун баш коргоо чарасын кабыл алды. Ал 26-июнга чейин УКМКнын тергөө изоляторуна киргизилди.

Баш калаанын экс-мэри Азиз Суракматов 26-майда кармалган. Ал коррупция жана мыйзамсыз баюуга айыпталып жатат.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Суракматов калаа башчысы болуп турганда муниципалитеттин кызмат адамдары менен курулуш компаниялардын өкүлдөрү менен бирге коррупциялык схема түзгөн деп айтууда. Схема муниципалдык жерлерди коммерциялык имараттар менен көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн сатып алууга байланыштуу болгон.

«Суракматов жана анын жакындарынын активдери негиздүү кирешелерсиз ыкчам өсүп, анын суммасы 50 млн долларга бааланат», — деп билдиришкен УКМКдан.

ТЕМА БОЮНЧА:

«50 млн доллар». Азиз Суракматов коррупция жана мыйзамcыз баюуга шектелип кармалды