«Абалы түзүк». Куралдуу жаңжалда жарадар болгон Чыңгызга Стамбулда операция жасалды

Чыңгыз Каработоев. Сүрөт: Элвира Будайчиева/Azattyk

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жарадар болгон Баткен облусунун Интернационал айылынын тургуну Чыңгыз Каработоевдин бутуна Түркиядагы «Чам-Сакура» ооруканасында операция жасалды. Алдыда аны көзүнө жасалчу экинчи операция күтүп турат. «Азаттык» үналгысынын кабарчысы Элвира Будайчиева бейтаптын дарыгеринен интервью алып, Чыңгыздын ал-абалын билип кайтты.

«Коркуп калган»

Бишкектеги дарыгерлер Чыңгыздын көзүнө тез арада операция жасатуу керектигин айткандыктан ал Түркияга келген. Бирок «Чам-Сакуранын» дарыгерлери анын көзүнөн да буту оор абалда экенин айтып, операция жасашкан.

«Алгач көзүнө эмес бутуна операция жасалат деп чечтик. Кезек менен бейтаптын көзүнө да операция жазайбыз. Бир гана котормочу жагынан жардам керек болуп жатат», — деди аталган оорукананын хирургу Өмер Фарук.

Мындар тышкары, Фарук Чыңгыздын жараат алган көзүнө «диагноз жакшы коюлбаганын» билдирди. Ошондой эле бейтап чек арадагы жажалдан улам «коркуп калган» дейт.

Дарыгер анын дарылануусу эки мамлекеттин ортосунда түзүлгөн келишимдеги квота аркылуу каржыланарын билдирди. Ошондой эле ооруканада Каработоевге «мыкты хирургдар кам көрүп жатат» деп кошумчалады.

«Абалы түзүк болуп баратат»

Каработоевди Стамбулга коштоп келген иниси Нурсултан агасынын абалы жакшырып баратканын айтты. Ал Чыңгыз бутуна туруп кетсе «эл-жери үчүн кызмат кылууга даяр» дейт.

«Абамдын абалы Түркияга келгенибизде өтө эле кыйын болчу. Азыр мен жанында карап жатам, түзүк болуп баратат. Мен өзүмдүн атымдан, үй-бүлөмдүн атынан бизге жардам берген кыргыз элиме, тааныштарга, чет жакта жүргөн мекендештерге терең ыраазычылык билдирем» — деди ал.

Ал эми Чыңгыз өзү дарыгерлер «жакшы болуп кетесиң» дешкенин айтып, буларга токтолду.


«Негизи, чек арадагы тополоңго чейин жашоом жакшы эле болчу. Эми коркуп турам. Чек араны катуу көзөмөлдөбөсө, эртеңки күнүбүз бүдөмүк болуп калат. Ооруканада жатып алып Баткендеги балдарымды ойлоп, сарсанаа болуп отурам», — деди ал.


Чыңгыз кантип жарадар болгон?

Чыңгыздын айтымында, окуя болгон күнү ал кыргыз-тажик чек арасынан бир чакырым алыстыкта жүргөн. Ал «торпокторумду байлап, талаадан келе жаткам» дейт.

«Жолдо кошунам менен сүйлөшүп, үйдү карай кетип баратканда эле эки метр алыстыкта ок түштү. Кайда качам деп отурганча эле дагы бир ок бутума тийди. Оң бутум ошондо оюлуп калды. Кыргызстандык тажик коңшум бар эле, ал келип мени көтөрүп, "кеттик, кеттик" деп калды. Атылган ок каяктан, кантип келип жарылганын түшүнгөн жокмун», — дейт ал.

Каработоевдин туугандары аны Кулунду айылындагы ооруканага алып барышкан. Ал жабык болгон, бирок дарыгерлер шаймандарды сыртка алып чыгып, биринчи жардам көрсөтүшкөн.


«Көзүмдөн мурда бутумдун ооруганына чыдабай турдум ошол жерде. Бирок көзүмдөн кан тамчылап жатканы эсимде», — деп эскерет ошол учурду Чыңгыз.


Андан соң тургунду Исфана шаарына, кийинчерээк Бишкекке алып барышкан.

Чыңгыз буга чейин миграцияда жүргөн — Орусияда курулушта иштечү. Ал «Али Токтакунов МедиаХабына» берген маегинде «көзүм көрбөй, бутум баспай калса кантип үй-бүлө багам» деп сарсанаа болгон.


«Билбейм эми, келечек кандай болот? Айта албайм. Көз көрбөгөндөн кийин жумушка деле албайт. Бут дагы жакшы иштебесе. Кимге керексиң?» — деген ал.


Бишкек шаардык ооруканасында дарыланып жаткан учурда «Али Токтакунов МедиаХабы» Чыңгыздын көзүн сактап калуу үчүн жардам керек экенин жарыялаган. Ыктыярчылар жана кайдыгер эмес жарандар Каработоевге жардам көрсөтүү үчүн каражат чогулта башташкан.

Чыңгызга учурда Стамбулдагы кыргызстандыктар да жардам берип жатышат — алар кезеги менен Чыңгызга тамак-аш алып келишүүдө.