Кара-Суу: Мугалимге аргессивдүү мамиле кылган завуч иштен алынды

Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы Бабур мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Абдурашид Халматов мугалимге агрессивдүү мамиле жасаганы үчүн иштен алынды. Ошондой эле окуядан соң мектептин директору да кызматтан кетти.

Эмне болду?

Соцтармактарда 30-майда Абдурашид Халматов кол астындагы мугалим Матлюба Юлдашеваны «сөгүп, урууга аракет кылып жатат» деген маалымат тараган.

Маалымат менен кошо жарыяланган тасмада мектептеги усулдук канада мугалимдер топтолуп отурганын, ал эми Халматов агрессивдүү түрдө Юлдашевага кыйкырып жатканын көрүүгө болот — анын айткандарын түшүнүү мүмкүн эмес. Анткени так угулбай калган.

Бирок Юлдашева «Бир ооз сураганга акым жокпу? Чыдасаңыз иштеңиз агай» деп сүйлөгөн. Анда Халматов «тартпа» деп кыйкырып, өзүнүн колундагы телефонун жерге чаап, мугалим тарапка басып келген. Бул учурда тасма үзүлгөн.

Видеону жүктөгөн фейсбук колдонуучусу Сайфи Алдияр «Халматов Юлдашеваны урмак болгондо мугалимдер токтотуп калышкан» деп жазды. Ошондой эле Халматов Кара-Суудагы мечиттердин биринде «имам болуп иштейт экен» деп билдирди.

«Ушундай адам кантип жаш муундарга таалим-тарбия берип окутат болду экен? Жесир аялды кордоп басынткан директор менен завучту жазалай турган эч бир уюм же чоң жокпу?» — деп суроо салган ал.

https://www.facebook.com/1030298677/posts/10222079592872092/

Иш «Ээнбаштык» менен катталып кыскарган

Ош ОИИБдин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев аталган окуя үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинде орун алганын билдирди. Ал фейсбукта тараган маалыматты четке кагып, окуя «башкача болгон» дейт.

Анын сөзүндө, Бабур мектебинин мугалими РИИБге арыз менен кайрылып, аны мугалим Матлюба Юлдашева «оозго алгыс сөздөр менен тилдеп, денесине жараат келтиргенин» айткан. Ал эми Халматов ошол күнү эки мугалимди бөлүштүрүүгө аракет кылган.

«Тасмадагы киши эки мугалим чырдашканда “бул кылганыңар туура эмес” деп урушуп келип бөлүштүргөн. Ал экөөнү аксакал катары ажыратам деген, туура эмес маалымат кетип жатат», — деди Аширбаев.

Эки мугалимдин чыры «Ээнбаштык» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Тергөөдө Юлдашева «коомдук жүрүм-турумду бузгандыгы» аныкталган. Ошондой эле медэкспертиза арыз жазган мугалимдин денесине «жеңил» жараат келгенин көрсөткөн.

Юлдашева шектүү катары суралганда, ал арыздануучу менен жарашып алгандыгы тууралуу протоколду көрсөткөн. Мындан улам иш өндүрүштөн кыскартылган.

Кара-Суу райондук билим берүү башкармалыгынын катчысы Шухрат Юсупов «Клоопко» инциденттен «бир-эки күн өткөн соң» Бабур мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Абдурашид Халматов иштен алынганын билдирди.

Ошондой эле аталган мектептин директору 26-майда кызматынан кеткенин айтты.

«Директор да ушул инциденттен улам кетти окшойт [...] Окуядан кабарым бар, бирок чоо-жайын билбейм», — деди Юсупов.