Нарында майып кишини өлтүрөбүз деп коркутуп, мазактагандар кармалды

Нарын облусунун Кочкор районунда майып карыяны автоунаага салып алып «өлтүрүп, колу-бутун байлап сууга ыргытып жиберели» деп коркутуп, мазактаган адамдар кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» Нарын облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат катчысы Кундуз Эсенгулова билдирди.

«Фейсбук» социалдык тармагында аксакалды автоунаанын арткы орундугуна салып алып, өлтүрөбүз деп коркуткан видео тараган. Анда мишинанын алдыңкы орундугунда отурган эки киши карыя ыйлап, жалынганына карабай коркутуп жатканын көрүүгө болот. Алар «карыяны Балыкчы жактагы таштандыга эле алып баралыбы, же Нарын жакка алып барып салалыбы, же эч ким көрбөгөн токойдун арасына айда, өлтүрүп, колу-бутун байлап сууга салып жиберелиби?» деп сүйлөшүшкөн. Карыя бул сөздөрдү уккандан кийин ыйлап, «андай кылбагыла, суранам!» деп жалбарган. Бирок кишилер анын жалбарганына күлүп, коркутканын уланта беришкен.

Эсенгулованын айтымында, окуя Нарын ОИИБи тарабынан каттоого алынып, азыркы учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Ал ошондой эле, окуя качан болгону дагы такталарын, тергөө иштеринин жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилерин белгиледи.

Аталган окуя боюнча карыянын бир тууган карындашы Айнура Мамытова Super.kg порталына берген маегинде видеону көрүп, кан басымы көтөрүлгөнүн айткан. Ошондой эле, видеодогу кары киши 67 жаштагы бир тууган агасы болоорун билдирген. Ал кичине кезинен бери экинчи топтогу майып экенин, бирок анын эч кимге зыяны жок экенин кошумчалаган.

«Агам Кочкордун Жаңы-Жол айылында жашайт. Үй-бүлөсү жок. Аны райондо баары тааныйт. Окуя качан болгонун билбейбиз. Видеону биз эртең менен көрдүк. Агамды жолдо өткөн таксисттер салып алып жүрө берет. Анткени ал көп басат ары-бери. Бул видеону тарткандар тамаша кылышкан деп айтып жатышат. Адамды дагы ушунча тамашалайбы? Ушу кантип болсун?» — деген ал.

Ошондой эле, ал милициядан телефон чалып, агаң аялдарга уят жерин көрсөткөндө алар балдарга коркутуп кой дегенинен улам ушул видео тартылганын. Агасы мындай ишке эч качан барбастыгын айткан.