Өмүрбек Бабанов «Кумтөрдөгү» коррупция боюнча кармалды — УКМК

Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов 31-майда «Кумтөр» долбоорун ишке ашырууда коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Комитеттен билдиришкендей, Бабанов «тергөө учурунда чогулган далилдердин негизинде» кармалган. Мекеменин басма сөз кызматы «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун ар кандай этаптарындагы коррупция фактылары боюнча кылмыш ишин иликтөө уланып жатканын белгилешти.

Буга чейин бир катар ЖМКлар Бабанов УКМКга суракка чакырылганын жазышкан. Бирок комитеттин басма сөз кызматы эч кандай комментарий берген эмес.

Анткен менен жакында эле, 24-мартта УКМК Бабановго каршы бардык кылмыш иштерди токтоткон болчу. Анда комитеттегилер бул иштерде юридикалык жактар жана жарандар, экс-депутаттын жана анын туугандары тарабынан мамлекеттин кызыкчылыктарына кыянаттык кылуу фактылары табылбаганын билдиришкен. Анда Бабанов мамлекеттик бюджетке колдоо катары 100 млн сом төгүп берген.

Мурда Кумтөр иши боюнча экс-премьер-министр Темир Сариев УКМКга сурак берип чыккан.