ЖМК: Темир Сариев Кумтөр кени боюнча суракка чакырылды

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев 26-27-майда Кумтөр кени боюнча күбө катары прокуратурага суракка чакырылды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазышты.

Kaktus.media басылмасынын маалыматына караганда, экс-примьер алтын кенине байланыштуу келишим боюнча сурак берген. 24.kg маалымат агенттиги болсо, Сариев 27-майда кайрадан суракка чыкырылганын жазды.

«Сурак Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасынын имаратында ведомстволор аралык тергөө тобунун өкүлдөрүнүн катышуусунда жүрүп жатканы белгилүү болду», — деп жазылат 24.kg басылмасынын маалыматында.

УКМК жана Башкы прокуратура бул боюнча «Клоопко» комментарий берүүдөн баш тартты жана Сариевдин суракка чакырылганын тастыктаган жок.

Темир Сариев ким?

Сариев карьерасында бир нече жолу жогорку кызматтарда иштеген. Мисалы, 2000-2007-жылдары Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты болгон.

2010-жылы Апрель ыңкылабынан кийин Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын каржы министри рангындагы орун басары болгон. Ал кызматка дайындалгандан үч айдан соң шайлоого катышуу максатында кызматтан кеткен. Бирок, «Ак-Шумкар» партиясы беш пайыздык шайлоо босогосунан өтпөй калгындыктан, Жогорку Кеңешке өткөн эмес.

2011-жылы ал экономика министри болуп, бир жылдан кийин «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссияны жетектеген.

*«Кумтор Голд Компани» — Ысык-Көл облусунда жайгашкан Борбор Азиядагы эң ири алтын кени. Аны Centerra Gold Inc. компаниясынын «туундусу» болгон канадалык «Кумтор Голд Компани» иштетип келет. Кыргызстан «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасы аркылуу Centerraнын акциясынын 26%на ээлик кылат. «Кумтөр» — бюджет түзүүчү ишкана.

2015-жылы Сариев өлкөнүн премьер-министри болгон, бирок бир жылдан кийин Балыкчы — Корумду унаа жолун реконструкциялоонун айланасындагы ызы-чуудан улам кызматтан кеткен. Анда реконструкциялоо боюнча тендер мыйзам бузуулар менен өткөрүлгөнү бергилүү болуп, Сариевдин санаалаштары компаниялардын биринин кызыкчылыгын көздөгөн деп шектелген.

Кумтөр боюнча азыркы мамкомиссиянын башчысы депутат Акылбек Жапаров 12-майда комиссиянын ишинин алдын ала жыйынтыгын чыгарып жатып, мурдагы президенттер менен премьерлерди Кумтөрдүн айланасында түзүлгөн азыркы кырдаалга айыптаган. Жапаровдун айтымында, Сариев экономика министри болуп турганда Centerra компаниясына 6 млрд 900 миң сом доомат коюп, бирок аны өндүрүп алган эмес.

*Кумтөрдүн ишин иликтеген комиссия быйыл февраль айында түзүлгөн. Башында ал депутаттык комиссия катары түзүлүп, кийин мамлекеттик комиссия болгон. Аны депутат Акылбек Жапаров жетектейт.

Өз кезегинде Темир Сариев Жапаровдун койгон айыптарын четке кагып, Кумтөр боюнча пайдасыз келишимдин түзүлүшүнө Акылбек Жапаровдун өзү катышканын билдирген.

«Кумтөрдүн» айланасында эмне болуп жатат?

Парламентте 17-майда Кумтөр кенине жана алтын казуучу «Кумтөр Голд Компани» ишканасына байланышкан кезексиз жыйын өткөн. Анда 91 депутат «Кумтөргө» убактылуу тышкы башкаруучуну дайындоого макулдугун берген. Кийинчерээк тышкы башкаруучулук кызматка президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси жана Центерра Голддун директорлор кеңешинин экс-мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк дайындалган.

Буга чейин, 7-майда, Бишкектин Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүп алууну чечкен.

Ал эми 12-майда Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия ишинин алдын ала жыйынтыгын чыгарып, алтын казуучу компаниядан, буга чейин сот талап кылган каражаттарды эске алуу менен 459 млрд сом (4 млрд 252 млн доллар) өндүрүп алууну сунуштаган.

15-майда Октябрь райсоту «Кумтөр Голд Компани» ишканасын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздары бар болгондуктан кошумча дагы 2,1 млрд сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

Ошондой эле 15-майда укук коргоо органдары «Кумтөр» компаниясынын кеңселеринде тинтүү жүргүзүшкөн.

Жогорудагылардын баарынан улам Centerra Gold Inc.Кыргызстандын өкмөтүнө каршы эл аралык арбитражга кайрылган.Европанын реконструкция жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) мамлекеттин компанияны «жутуп алуусу» Кыргызстандын экономикасын калыбына келтирүүнү да, республиканын инвесторлор алдындагы беделин да түшүшүрүп коркунучка кептээрин билдирген.

Канаданын өкмөтү да Кумтөрдүн айланасында болуп аткан окуяга карата үн каткан. Билдирүүгө ылайык, «Кумтөр Голд» компаниясына тышкы башкаруу киргизүүгө өтүү Кыргызстанга «түз келген чет өлкөлүк инвестицияларга узак убакытка залалын тийгизиши ыктымал».

Ошондой эле Centerra Gold «Кумтөр Голд Компани» ишканасына тышкы башкаруучу дайындалганына кыргыз өкмөтү өзүнө алган милдеттерин бузуп, «кенге карата көзөмөлдү тартып алды» деп жооп берген.

Мындан тышкары, компания «Кыргызалтынга» ишкананын акцияларын сатууга жана алмаштырууга тыюу салган, ал эми мамлекеттик ишкана жана ага байланышкан компанияларга төлөнө турган дивиденттердин баары Centerra Gold Inc компаниясына өткөрүлөт.