«Билети колунда болчу». Айзада шектүүдөн кутулуу үчүн Түркияга кетүүгө камынып жаткан

Ош шаары. Айзаданын урматына зомбулукка каршы өткөрүлүп жаткан митингден сүрөт.

Уурдалып, андан соң өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын жакындарынын бири «Би-Би-Си» басылмасына маек курду. Анда ал шектүү Айзаданы буга чейин да уурдоого аракет кылганын, мындан улам ал Түркияга кетүүгө камынып жатты эле дейт.

Маек курган аял Айзаданын жакын санаалашы жана кесиптеши. Ал Канатбекова уурдаган Замир Теңизбаев менен өткөн жылы таанышканын, бирок анын психикалык саламаттыгынан күмөн санай баштаганда «жаныма жолобо» деп андан качып жүргөн дейт.

Анын айтымында, Теңизбаев Айзаданын артынан түшүп аны аңдып жүрүп алган. Ал тургай бир жолу аны ишинен уурдоого аракет да кылган — анда окуяны кыздын жетекчиси көрүп калып, унаасы менен кууп барып алып калган.

Бул окуядан кийин жакындары Айзаданы коруп жүрүшкөн. Кийинчерээк башка өлкөгө чыгып кетүүнү сунушташкан.

«“Айзада сен мындан кутула албайсың, башка жакка кетчи. Орусиягабы, Түркиягабы кет” деп келгенбиз. Өзү Кыргыз-түрк "Манас" университетин бүткөн эле. Түркия менен келишим түзүп, он алтысында учуп кетмек. Билети да колунда болчу», — деди ал.

Айзаданын өлүмү

Кечээ эки күн мурун уурдалган Айзада Канатбекованын сөөгү Аламүдүн районундагы талаадан табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, аны уурдоого шектелген киши менен кыздын ортосунда чыр чыккан. Анда шектүү Канатбекованы муунтуп, андан кийин өзүнө бычак сайып каза болгон.

Аламүдүн РИИБге 7-апрелде Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаа табылганын, анын ичинде аялдын жана эркектин сөөгү жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге милиционерлер барып Honda Civic үлгүсүндөгү унааны жана Канатбекова менен 30 жаштагы кишинин сөөгүн табышкан.

«Жергиликтүү койчу аталган унааны 5-6-апрелде байкаганын айтты, бирок баткакка тыгылып калган деп ойлоп көңүл бурган эмес. 7-апрелде унаага жакын барганда аялдын жана эркектин сөөгүн көрүп дароо милицияга кабар берген», — деп билдиришти Бишкек ШИИБден.

Окуя коомчулукта резонанс жаратып, көпчүлүк ИИМдин башчысы Улан Ниязбековдун жана Бишкек ШИИБдин башчысы Бакыт Матмусаевдин отставкасын талап кылышууда.

Нараазы болгон жарандык коом Ош жана Бишкек шаарларында Айзаданын урматына зомбулукка каршы митинг өткөрүп жатышат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Айзаданын өлүмү. Ош жана Бишкек шаарларында зомбулукка каршы митинг өтөт

Айзада Канатбекованы уурдагандардын бири кармалды, калган экөөнүн өздүгү аныкталды

Бишкек: Никеге мажбурлап тургузуу үчүн уурдалган Айзаданын сөөгү табылды

«Врач болгусу келген Бурулай». Ала качууга дуушар болгон кыз кантип бычакталып каза тапты?