Айзада Канатбекова Балыкчы шаарында жерге берилди

Айзада Канатбекова Балыкчы шаарында жерге берилди. Сүрөт: «Азаттык» үналгысы / Айбек Бийбосунов

Бишкекте уурдалып, киши колдуу болгон 27 жаштагы Айзада Канатбекованын сөөгү туулуп-өскөн Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына коюлду. Ал бир үй-бүлөнүн жалгыз кызы болчу.

Канатбекованын апасы Назгүл Шакенова журналисттерге кызын жалгыз тарбиялап өстүргөнүн айтты. Ошондой эле, эне кызы бир нече чет тилде эркин сүйлөп котормочу болуп иштеп жаткан болчу дейт.

Айзада Кыргыз-түрк «Манас» университетинин Дене тарбия жана спорт факультетин 2020-жылы аяктаган. Анын жакындары кыздын өлүмүнө шектелген Замир Теңирбаев бир нече айдан бери тынчын алып, аңдып жүргөн дешти. Мындан улам Айзада жакынкы күндөрү Түркияга кетүүгө камынып жаткан.

Айзаданын өлүмү

5-апрелде уурдалган Айзада Канатбекованын сөөгү эки күндөн кийин Аламүдүн районундагы талаадан табылган. Аламүдүн РИИБге Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаа табылганын, анын ичинде аялдын жана эркектин сөөгү жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге милиционерлер барып Honda Civic үлгүсүндөгү унааны жана Канатбекова менен 30 жаштагы кишинин сөөгүн табышкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, аны уурдоого шектелген киши менен кыздын ортосунда чыр чыккан. Анда шектүү Канатбекованы футболкасы менен муунтуп, андан кийин өзүнө бычак сайып каза болгон.

Бишкек ШИИБден кызды уурдоого катышкан үч киши тең кармалып, тергөө изоляторуна киргизилгенин билдиришти.

Бул окуя коомчулукта резонанс жаратып, көпчүлүк ИИМдин башчысы Улан Ниязбековдун жана Бишкек ШИИБдин башчысы Бакыт Матмусаевдин отставкасын талап кылышууда. Ал эми Канатбекованын жакындары милиция убагында реакция кылган жок деп нааразы болушту.

Жарандык коом Ош жана Бишкек шаарларында Айзаданын урматына зомбулукка каршы митинг өткөрдү. Уюштуруучулардын айтымында, акция талаптар аткарылмайынча аптанын ар бейшемби күнү ИИМдин имаратынын алдында уланмакчы.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Билети колунда болчу». Айзада шектүүдөн кутулуу үчүн Түркияга кетүүгө камынып жаткан

Айзаданын өлүмү. Ош жана Бишкек шаарларында зомбулукка каршы митинг өтөт

Айзада Канатбекованы уурдагандардын бири кармалды, калган экөөнүн өздүгү аныкталды

Бишкек: Никеге мажбурлап тургузуу үчүн уурдалган Айзаданын сөөгү табылды

«Врач болгусу келген Бурулай». Ала качууга дуушар болгон кыз кантип бычакталып каза тапты?