Ош: Жергиликтүү кеңештин депутаты ири суммада акча опузалоого шектелип кармалды

Ош облусунун Араван районунда ири суммада акча опузалоого шектелип жергиликтүү кеңештин депутаты жана анын шериги кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

«Тергөө иш-чараларынын натыйжасында милиция тарабынан 57 жаштагы тургундан 3 миң доллар алып жаткан жеринен А.С. аттуу жаран жана анын Кесек айылында жашаган 28 жаштагы кылмыштуу шериги Ж.Ж. кармалды. Алар Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп билдиришти Ош ОИИБдин басма сөз кызматы.

Мангыт айыл өкмөтүнөн «Турмуш» басылмасына А.С. 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн шайлоонун жыйынтыгы менен айылдык кеңешке депутат болуп шайланганын, жакында эле мандатын алганын айтып беришкен.

Жаңы шайланган депутаттын бөгөт чарасы 1-июнда кабыл алынары айтылды. Анын шериги 31-майда Ош шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыккан.

Материалды даярдагандар: Нурсултан Үсөнов жана Бегимай Арстанбекова.