Рыскелди Момбеков «Кумтөр» боюнча суракка чакырылганына таң калганын айтты

Депутат Рыскелди Момбеков УКМКга «Кумтөр» иши боюнча суракка келди. Ал «Мен “Кумтөр” боюнча кымындай да ишке аралашкан эмесмин» деп, суракка чакырылганына «таң калып жатканын» айтты.

«Чакыруу кагазын “келгениңизде беребиз” дешти, “анчалык жашырбай үйгө эле келип берсеңер болмок, же вотцаптан салып койгула” десем “жок, ызы-чуу болуп жатат, бул жаrка эле келе бериңизчи” дешти. Бирок айтышты “күбө катары суроолорубуз бар” деп. Эми кыргызда мындай да, күнөө болгон жерде күбө болот. А бирок бул жакrа киргенден кийин күбөдөн күнөө кылып коюп жатпайбы», — деди Момбеков.

«Тарыхты бурмалабоо керек»

Депутат мекеменин алдында чогулган журналисттерге Кумтөр боюнча Кыргызстандын келечегине таасирин тийгизген негизги келишимдер 2003 жана 2009-жылдары түзүлгөнүн айтып берди. Ага ылайык, 2003-жылы Кыргызстан кендеги үлүштөн ажыраган, 2009-жылы болсо — жерден.

«Тарых 2003тө. 2003тө биз Кумтөрдүн 67% үлүшүн Centerraнын 33% үлүшүнө алмашканбыз. Бизге 16% акцияны берип, 40 тонна алтын запасы менен 16 миң гектар аянтты алган», — деди ал.

Мындан улам депутат ошол кездеги кабыл алынган келишимдерге тиешеси бар аткаминерлер да жоопкерчиликке тартылышы керек деген пикирде.

«Чын-чынына келгенде, 2003-2009-жылкы келишимдерди аттап өтүп, андан кийинки келишим-макулдашууларга барган өкмөт башчыларды, спикерлерди, депутаттарды камакка алып жатканы… Тарыхты биз бурмалабашыбыз керек», — деди ал.

Ал «“Кумтөр” алгач чоң улуттук долбоор болуп, кийин уурулук долбоорго айланып кеткен» деген оюн билдирди.

Акыркы камоолор боюнча

Момбеков азыркы учурда камакка алынып жаткандардын ишинин мөөнөтү алты айда эскирип, кылмыш иши кыскарып кетет деген пикирде.

Анын айтымында, мурдагы конституция боюнча экологияга зыян келтиргендердин кылмыш ишинин мөөнөтү өтпөйт болчу. Азыркы Баш мыйзамда бул каралбай калган.

«Ошону менен “Кумтөргө” катышкандарды жоопко тартсак болот болчу. Азыркы камоолор алты айда мөөнөтү бүтүп калат, анткени 2012-жылы болгон», — деп түшүндүрү ал.

«“Кумтөр” шылтоосу менен оппозициянын оозун жабуу»

Момбековго журналисттердин бири «“Кумтөрдүн” шылтоосу менен саясий атаандаштардын оозун жабуу болушу мүмкүн деп ойлойсузбу?» деп суроо узатты. Анда ал «мындай болушу толук мүмкүн» деп жооп кайтарды.

«“Кумтөрдүн” иши менен көз карашы башка саясатчыларды жазалоо болбош керек. Тазалоо болуш керек», — деди депутат.

Мындан сырткары ал «камалгандан коркпойм» деп кошумчалады.

«Эми элден баарын эле камай бербейт да. Камай тургандар толтура 2003-2009да [...] Ал жылдары мен оппозициялык гезиттерди жетектеп жүргөм», — деди депутат.

«Кумтөр» кениндеги коррупция боюнча 1-июнда УКМКга экс-депутат Максат Сабиров сурак берди, Жумабеков сурак берүүгө кирип кетти. Мурдараак аталган иштин алкагында экс-депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев кармалган.

Ал эми 31-майда экс-депутат Өмүрбек Бабанов, Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров кармалып, Жээнбеков менен Зулпукаров эки айга камалды. Ошондой эле бул иш боюнча Темир Сариев сурак берген.

УКМК Кумтөр кенине байланыштуу төрт кылмыш ишин козгогон. Анын алкагында мурдагы өкмөт башчылар, депутаттар, экс-депутаттар кармалары айтылган.