Саясатчы Жеңиш Молдокматов 6-июлга чейин камакта калтырылды

Бишкек шаардык соту «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовдун баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырды — ал 6-июлга чейин №1 тергөө изоляторунда болот. Бул тууралуу анын жактоочусу Кантемир Турдалиев билдирди.

«Көп эле кишини “баласы бар, энеси бар” деп эле чыгарып жатпайбы. Мунун деле жашы жете элек балдары бар да. Ушундай эптеп-септеп, [ишти] орустар айтмакчы “из пальца высосали”. Эгерде “массалык башаламандыктарды уюштурууга” күнөөлөй турган болсо, анда ошол Ала-Тоо аянтында 12 партиянын лидерлерин, тарапташтарын баарын чакырышы керек эле. Интернеттен деле көрсөңөр болот ошол жерде канча киши сүйлөгөнүн: азыркы эле бийликтегилер ошол жерде сүйлөп жатышкан», — деди Турдалиев.

Ошондой эле Турдалиев Молдокматовдун камакта калтырылганын негизсиз деп, ал бул убакытка чейин бир да жолу тергөө иш-чараларына чакырылбаганын белгиледи.

Ал арада Бишкек шаардык сотунун алдында Молдокматовдун ондогон тарапташтары чогулду. Алар «Молдокматов камалса азыркы бийлик легитимсиз», «Октябрь окуясына макам берилсин», «Жеңиш Молдокматовго боштондук» жана «Жеңиштин камалганы бийликтин коркоктугу!» деген транспоранттар менен чыгышты.

Молдокматовдун кармалышы

Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы Жеңиш Молдокматовду 6-майда кармаган. Ал «Жайды, имаратты же курулманы өзүм билемдик менен ээлеп алуу же басып алууга» шектелип жатат.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Молдокматов 5-6-октябрь күндөрү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратын басып алып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаеди бошотууга мажбурлаган. Кийинчерээк саясатчынын адвокаты Турдалиев анын беренеси «Массалык башаламандыктарды уюштурууга» алмашканын билдирген.

Ал эми Биринчи май райондук соту 8-майда Молдокматовду эки айга камакка алган. «Туран» партиясынын лидери абактан жазган катында мамлекетте «адилеттүүлүккө жана чындыкка болгон үмүт өчтү» деп билдирген.

«Мурда коюлган "имаратты басып алуу" айыбы “массалык башаламандык уюштуруу” деген беренеге өзгөртүлүп, 2 айга камакка алды. Октябрь айындагы башаламандыктарды Жеңиш Молдокматов уюштурган эмес. Ал жалгыз болгон эмес. Шайлоодон өтпөй калган партиялардын лидерлери меморандум түзүп, тынчтык митингине чыгышкан», — деди Турдалиев.

Саясатчы Жеңиш Молдокматов буга чейин президент Садыр Жапаров баш болгон бийликти сындап келген. Молдокматов Жапаров демилгелеген Баш мыйзамга каршы экенин билдирип «Ханституцияга каршы» борборун жетектеген. Ал жаңы Баш мыйзам кабыл алынса бийлик узурпацияланышы мүмкүн экенин айткан.

Ошондой эле саясатчы «Кемпир-Абад» суу сактагычынын жээгинен Өзбекстанга жер берүүгө каршы чыгып, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин иш-аракетин сынга алган.

Мындан сырткары Молдокматов Ташиев кыргыз-тажик чек арасында ок атууларды алдын алууга аракет кылган жок деп сындап, анын отставкасын талап кылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жеңиш Молдокматов: Бийликти күч менен басып алгандар учуру келгенде жоопко тартылат

Молдокматов: Өзбекстан менен алмаша турган 20 гектар жер да стратегиялык мааниге ээ