Жеңиш Молдокматов: Бийликти күч менен басып алгандар учуру келгенде жоопко тартылат

«Ханституцияга каршы» борборунун башчысы Жеңиш Молдокматов Кыргызстандагы үч жолку төңкөрүш тең максатына жетпей калды, ал эми 2020-жылы бийликти күч менен басып алгандар учуру келгенде жоопко тартылат деген пикирин билдирди. Бул тууралуу видеону ал Фейсбук барагына жүктөдү.

«Кыргызстан эгегемдүүлүк алганына 30 жыл болуптур. Ушул аралыкта өлкө тунгуюкка кептелип, дүйнө өнүгүүгө жол алганда, кыргыздар ушинтип соттун адилетсиздигин талкуулап жатканыбызга өкүнөм. Кыргызстандагы үч жолку төңкөрүш тең максатына жеткен жок», — деди ал.

Ал ошондой эле, адилеттүү сот орнотуп, жигердүү башкарууну жана өнүгүүнү алып келем деген төбөлдөр сөзүн унутуп, элден адашып, башка жолго түшкөнүнө токтолду.

«Аттуу-баштуу төбөлдөр бийликке келгенге чейин “кыргыздын кыраанымын, мүдөөсүн билем, мен мамлекетти көтөрөм” деп айтып, бийликке келип, ак үйгө кирип эшигин жапканда, элден бөлүнүп калганына мен өкүнөм», — деп кошумчалады ал.

Молдокматовдун айтымында, Садыр Жапаров кыйын кырдаалга кептелгенде Ак үйдүн алдында митингге чыгып, жанында жүргөн адамдар бүгүн абакта жатат. Ал мисал катары Тилекмат Күрөңовду белгилеп, ал адилетсиздиктин курмандыгы болгонун айтты.

9-мартта Ак үйдүн алдында Конституцияны өзгөртүүгө каршы тынчтык митингине 50дөй киши чыккан. Алар Коституциянын жаңы долбооруна каршылыгын билдиришкен жана парламенттин тарап кетишин талап кылышкан. Ал митингде Күрөңов модераторлук кылган.

Тилекмат Күрөңовдун иши

«Ханституцияга каршы» кыймылынын мүчөсү Тилекмат Күрөңов 15-мартта кармалган. Бишкек ШИИББи болсо Күрөңовдун социалдык тармактардагы жазууларында «бийликти күч менен басып алууга жана массалык башаламандык уюштурууга чакырыктын белгилери байкалгандыктан» кармалганын айтышкан.

Ошондой эле, «Ханституцияга каршы» кыймылынын кеңсесинде жана активисттин үйүндө тинтүү жүргөн. Андан сырткары Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду өткөрүүгө каршы 9-марттагы тынчтык митингине катышкан дагы бир нече активистти укук коргоо органдары текшерүүгө алышкан.

17-мартта Тилекмат Күрөңов Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына 1 айга киргизилген. Активист сот залынан чыгып бара жатып «ачкачылык жарыялайм» деп жар салган.

Ошондой эле, 17-мартта «Ханституцияга каршы» кыймылынын башчысы Жеңиш Молдокматов 16-марттын кечинен бери дагы бир активист Нурбек уулу Камчынын дайыны чыкпай жатканын билдирген. Молдокматовдун айтымында, Нурбек уулун белгисиз адамдар кармап кетишкен. Азыркыга чейин анын кайда экени белгисиз.