Бишкек: 22 адам тамакка ууланды, ашкана убактылуу жабылды

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө мамлекеттик борбору Бишкекте «Ашкана № 1» тамактануу жайында массалык уулануу катталганын билдирди. Андан улам 22 адам оорукана түшкөн.

«Бул ар башка адамдардын тобу. Алар ашканага 25-26-майда барышкан. Бишкектин ооруканаларына 13 адам, Токмоктукуна 9 адам түштү. Уулангандардын баары аталган ашканадан тамактанганын айтышууда», — дешти мекемеден.

Окуяны иликтөө учурунда ашкана жабылып, кожоюндарына 15 миң сом айып салынды.

«Ашкана №1» тамактануу жайынынын Кыргызстан боюнча бир нече филиалы бар. Адамдар ууланган ашкана Москва көчөсүндө, Улуттук госпиталдын тушунда жайгашкан.

Материалды даярдагандар: Бегимай Арстанбекова жана Нурсултан Үсөнов.