COVID-19дан алты киши каза тапты, жаңы 358 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 2-июнда өлкөдө коронавирустун 358 жаңы учуру катталганын маалымдады. Ооруну жуктургандардын арасында 21 медкызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 163 (төрт медкызматкер);

Чүй облусунда — 64 (эки медкызматкер);

Ош шаарында — 64 (13 медкызматкер);

Ысык-Көл облусунда — 20;

Ош облусунда — 19 (эки медкызматкер);

Жалал-Абад облусунда — 18;

Баткен облусунда — 5;

Нарын облусунда — 3;

Талас облусунда — 2.

Ошондой эле өткөн суткада 302 бейтап айыкты. Бишкек шаарында — 204, Чүй облусунда — 35, Ысык-Көл облусунда — 18, Жалал-Абад облусунда — 12, Ош шаарында — 11, Ош облусунда сегиз, Нарын облусунда алты, Талас облусунда беш жана Баткен облусунда үч киши оорудан сакайды.

Мындан сырткары COVID-19дан Бишкек шаарында төрт, Талас жана Ысык-Көл облустарында бирден бейтап көз жумду.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 105 469га жетти. Оорудан 99 175 бейтап айыгып, 1 821 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө 1 660 бейтап ооруканаларда дарыланып жатышат — алардын 94ү өтө оор абалда. Мындан сырткары 1 782 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.