Президент Оштун мэрине шайлоодо админресурска жол бербөөнү тапшырды

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жана президент Садыр Жапаров. Сүрөт: Президенттин сайты

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовду кабыл алды. Анда Жапаров калаа башчысына шаардык кеңешке өтчү кайра шайлоодо ачык-айкындуулукту камсыз кылууну, административдик ресурстарды колдонууга жол бербөөнү тапшырды.

Жапаров 11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо айрым жергиликтүү жетекчилер өткөн окуялардан сабак албай, мыйзам бузууларга жол бергендигин айтты. Буга байланыштуу Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында шайлоонун жыйынтыктары жараксыз деп табылганын белгиледи.

«Мамлекет башчысы муниципалдык же башка кызматкерлердин шайлоого таасир этүү үчүн жасаган бардык мыйзамсыз аракеттерине кескин түрдө бөгөт коюларын баса белгиледи. Президент Садыр Жапаров белгилегендей, ушундай эле талаптар Бишкек жана Токмок шаарларына дагы коюлат», — деп жазылат президенттин сайтындагы билдирүүдө.

Шайлоо өнөктүгүн алдында Ош шаардык кеңешине өткөн шайлоого катышкан бир нече партия административдик ресурстун колдонулуп жатканына даттанышкан. Ошондой эле мэр Таалайбек Сарыбашовдун да аты аталган.

Буга чейин «Клооптун» журналисттери Ош шаардык кеңешине талаперлигин койгон кишилерди изилдеп, эң көп муниципалдык жана мамлекеттик кызматкердер «Ата-Журт Кыргызстан» менен катышып жатканын аныктаган. Ошондой эле аталган партиянын катарына «Биримдик» партиясынан талапкер болгондор кошулуп барганын ашкерелеген.

Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу

БШК Токмок, Ош жана Бишкек шаардык кеңештерине 11-апрелде өткөн шайлоону жокко чыгарган. Мындай чечимге аталган шаарлардагы участкаларда шайлоочуларды жапырт каттоо, добуш сатып алуу сыяктуу, админресурстун колдонулушу жана мыйзам бузуулар массалык мүнөзгө ээ болгону себеп болгон.

Ошол эле учурда депуттарды шайлоо менен бирге өткөн Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумдун жыйынтыгы жокко чыккан эмес.

Мындан сырткары БШК мүчөлөрү шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга себепчи болгон талапкерлерди кайрадан шайлоого катыштырбоону сунушташкан.

Жокко чыгарылган шайлоонуну жыйынтыгында Бишкекте «Эмгек», «Ак-Бата», НДПК, «Ата-Журт Кыргызстан», «Ынтымак» жана «Биздин Эл» партиялары 7%дык босогодон өткөн.

Ал эми Ошто «Ата-Журт Кыргызстан», «Улуттар биримдиги» жана «Ыйман нуру» партиясы алдыга чыккан. Токмокто болсо «Эмгек», «Бирге», «Эл биримдиги» жана «Республика» партиялары шайлоодон утуп чыгышкан эле.

Аталган шаарларда кайра шайлоо 11-июлда өтөт. Ага 48,3 млн сом сарпталат.

Шайлоо-2021: «Клооп» оңдоолор киргизилген жүздөгөн протоколду тапты

Ош: Мамкызматкерлер жана «Биримдик» менен байланышы барларды жыйнаган «Ата-Журт Кыргызстан»