БШК Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону жараксыз деп тапты

Борбордук шайлоо комиссиясы 19-майда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону жараксыз деп тапты. БШКнын 11 мүчөсүнүн 8и «макул» болсо, үчөө «каршы» чыкты. Эми Бишкек шаардык кеңешине шайлоо кайра өткөрүлөт.

Шайлоону жараксыз деп таанууга Бишкек АШКсынын 12-майдагы чечими себеп болгон. Анда Бишкек АШКсы арыз жана даттануулардан улам 30 участокто шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, шайлоодон «Эмгек», «Ак-Бата» партияларынын жана НДПКны четтеткен. 60 351 добуш жараксыз деп табылган, бул добуш берүү үчүн келген шайлоочулардын жалпы санынан 45%ы.

Бишкек АШКсынын төрагасы Кайрат Маматов участкалардагы катталган мыйзам бузуулар «добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир эткендигин» билдирген. Анын айтымында кайрадан шайлоо өткөргөн учурда «шайлоону жараксыз деп табууга себепкер болгон кандидаттардын талапкерлиги кайрадан көрсөтүлбөйт»

Талапкерлер тууралуу ушул эле маалыматты БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова дагы белгилеген. Анын айтымында, учурдагы мыйзамга ылайык, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга себепкер болгон талапкерлер кайрадан шайлоого катыша албайт. Бирок мындай талап партияларга карата каралган эмес.

«Демек, аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо процессинде тигил же бул талапкерлерди шайлоого катыштыруу же катыштырбоо тууралуу чечимдерди кабыл алат», — деди БШКнын төрайымы.

Борбор калаанын шаардык кеңешине 11-апрелдеги шайлоодо 6 партия 7% босогодон өткөн: «Эмгек», «Ак-Бата», НДПК, «Ата-Журт Кыргызстан», «Ынтымак» жана «Биздин Эл».

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо Ош жана Токмок шаарларында да жараксыз деп табылган. Шаардык кеңештерге добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгаруу аталган участоктордо референдумдун жыйынтыктарына эч кандай таасир эткен жок.

Дагы окуңуз:

БШК Ош шаарында шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды

БШК Токмоктогу шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты