Бабанов өзүн күнөөлүү деп эсептебегендиктен тергөө менен кызматташпайт — адвокат

Өмүрбек Бабанов өзүн күнөөлүү деп эсептебейт жана тергөө менен кызматташууга барбайт. Мындай пикирин саясатчынын адвокаты Амантур Абдырахманов билдирди.

Анын айтымында, бул маселе боюнча Бабановдун позициясы «бекем», саясатчы тергөө менен иш алып барууга эч кандай негиз жок деп эсептейт.

«Тергөө иштери менен күнөөсү бар учурда кызматташат, көрсөтмөлөрү менен кылмыш ишин ачууга жардам берет. Биздин учурда болсо Бабанов өзүн күнөөлүү деп эсептебейт, ошондуктан кызматташуу маселесин караган жокпуз […] Бабанов белгилүү бир сумманын ордун толуктап бере ала турганы боюнча айрым кептер айтылууда. Бирок, жогоруда айтылгандай, биз бул вариантты караштырбайбыз», — деди ал.

Адвокат Бабановду актап чыгарууга мыйзам чегинде жетише турганын белгиледи.

Буга чейин Биринчи май райсоту Өмүрбек Бабановду 31-июлга чейин УКМКнын ТИЗОсуна киргизген. Ал «Кумтөр» долбоорун ишке ашыруудагы коррупцияга шектелип кармалган.

Тема боюнча: Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов эки айга камалды

Бабанов менен катар депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, ошондой эле Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев кармалган. Алар дагы УКМКнын ТИЗОсуна эки айка камакка алынган.

Бабановдон 100 миллион сом

Буга чейин Бабанов мамлекеттик бюджетке өз калоосу менен колдоо максатында 100 млн сом которууга макул болгон. Анда УКМК Өмүрбек Бабановго карата козголгон сотко чейинки өндүрүш иштери токтотулганын маалымдаган.

Өмүрбек Бабановго карата кылмыш иштери 2017-жылдагы президенттик шайлоо убагында козголо баштаган. Ал бийликчил партиянын талапкери Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон. Жээнбековду шайлоо капманиясы учурунда ошол убакта президент Алмазбек Атамбаев колдоп турган.

Теледебаттардын биринде Сооронай Жээнбеков экс-премьерди камай турганын айткан. Шайлоо алдында Бабановго эки кылмыш иши козголгон.

Шайлоодо бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбеков жеңишке жетишкенден кийин Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен. Андан соң саясаттан биротоло кеткенин жарыялаган.

Кийин ал кайтып келип, Атамбаев менен Жээнбеков тараптан үй-бүлөсүнө карата коркутуулар айтылгандыктан өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгонун айткан.

Бабанов 2017-жылдан тартып Москвада жашап, эки жылдан соң саясатка кайтып келбейм деген убадасынан кийин кайтып келген. Анын айтымында, ушул убадалашуудан кийин ага карата козголгон кылмыш иштери кыскартылмак.

Президент Жээнбековдун учурунда Бабановго каршы сегиз кылмыш иши козголгону белгилүү — төрт иш Финполдо, дагы төрт кылмыш иши УКМДа.

Тема боюнча:

«100 млн сом төлөп бермей болду». Бабановдун кылмыш иштери токтотулду