Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов эки айга камалды

Өмүрбек Бабанов

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2-июнда экс-премьер-министр жана «Республика» партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабановду эки айга камоо өкүмүн чыгарды. Бабанов 31-июлга чейин УКМКнын тергөө изоляторунда болот.

УКМК мурдагы өкмөт башчыны «Кумтөр» кенин иштетүү долбоорун ишке ашырууда коррупцияга шектеп 31-майда кармаган. Атайын кызматтан Бабанов «тергөө учурунда чогулган далилдердин негизинде» кармалганын билдиришкен.

Бабанов баш коргоо чарасы каралаардан мурун Биринчи май райондук сотунун имаратына кирип кетип жатып журналисттерге ага тагылган айыптын «баары абсурд» деп билдирген.

«Мен “Кумтөрдөн” 16 миң гектар жерди мамлекетке кайтарган жалгыз премьермин. Түшүнүксүз иш болуп жатат. Кудай буюрса сотто жакшынакай чечилет деп ойлойм», — деди ал.

*Өмүрбек Бабанов 2012-жылы өкмөттү жетектеп турган кезде мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновдун токтомун жокко чыгарган. Анда Үсөнов «Кумтөр Голд Компаниге» кошумча 16 миң гектар жер тилке берүүнү чечкен. Ошол эле учурда Бабанов экс-премьер Игорь Чудиновдун Кумтөр кенин чалгындоо иштери үчүн аянтыны кеңейтүү тууралуу токтомун күчүндө калтырган.

Кийинчерээк УКМК бул иштин алкагында депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, экс-депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаевди «Коррупцияга» шектеп кармаган. Аткаминерлер дагы июлдун аягына чейин атайын кызматтын тергөө изоляторунда болушат.

Аталган иштин алкагында экс-премьер-министрлер Темир Сариев жана Игорь Чудинов сурак берип чыгышкан. Ошондой эле атайын кызмат депутаттар Рыскелди Момбеков, Дастан Жумабеков жана экс-депутат Максат Сабировдон да сурак алган.

Ал эми бул иштин алкагында биринчилерден болуп, 26-январда, мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев колго түшкөн. Ал «Кумтөр Голд Компаниге» кошумча жер тилкени чалгындоо иштери үчүн бөлүп бергени үчүн кармалган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңштин 17-майдагы отурумунда Кумтөр кенине байланыштуу төрт сотко чейинки өндүрүш иши ачылганын кабарлаган.

Алардын бири «Кумтөр Голд Компани» ишканасы экологиялык талаптарды сактабаганы боюнча. Калган үч иш алтын казуучу компания менен келишимдерди түзгөн, салык жана милдеттүү төлөмдөрдөн бошоткон, ошондой эле «Кумтөр Голд Компаниге» чалгындоо жүргүзүү үчүн кошумча жер тилкелерди берген Кыргызстандын кызматтагы адамдарына карата козголгон.