Май кымбаттап эле келе жатат. Маршруттук таксилердин айдоочулары бийликке кайрылышты

Бишкекте иш таштаган маршруттук таксилердин айдоочулары шаардык бийликке видео кайрылуу жолдошту. Кайрылууда алар ошол эле айтылып келе жаткан жол кире акысын көтөрүү талабын айтышып, ишке талаптары аткарылгандан кийин гана чыгышарын билдиришти.

Алардын айтымында, жол кире акысы 2012-жылдан бери көтөрүлгөн эмес, бирок ошол эле учурда күйүүчү майдын жана автотетиктерге болгон баа өскөн.

«Бул жерде балдардын 80%ы десем жаңылбайм, кредити бар. Тетиктерди алып, машинасын оңдош үчүн алган күнүмдүк кредиттери бар. Биздин жакшы нерселерибиз эч качан элге жетпейт экен. Биздин төккөн салыктар [...] Эл автобус деп жатат. Ооба, биз автобуска деле каршы эмеспиз, бирок алардан пайда түшпөйт да. Бардыгын биз өзүбүз жасайбыз. Биз мэриядан бир тыйын акча сураган жокпуз. Пенсионерлерди азыр деле 5 сомдон ташыганга макулбуз. Бирок тетиктерди алууга келгенде ошол мэрия жардам бербейт да. Күнүнө ар бир машина 30-40 литрден жакканда деле канчалаган солярка жагылып жатат?

Түнкүсүн иштегендер бар. Биз деле элди карап атабыз. Эл бизди карашы керек эми. Биздин дагы көйгөйлөрүбүздү түшүнүшү керек. Көйгөйдү айталы деп жеткизе албай жатабыз. Чоңдорго жетип атат, бирок андан ары кетпей жатат. Алты айдан бери күтүп келебиз, айла жок болуп калды. Солярка кымбаттады, тетик дээрлик 3 эсе кымбаттады, 500 сом турган нерсе 2000 сомго чыкты. Батирде турган балдар бар. Аларга дагы кыйын. [...] Ошондуктан бул жерде эң көйгөйлүү эле баа маселеси. Азыркы депутаттар баа маселесин чечип берсе, бийлик турат, депутаттар турат», — дешти маршруттук таксилердин айдоочулары кайрылуусунда.

«Биз тетик же солярка алып бер деген жокпуз. Болгону эле бааны көтөрүп беришсе анча-мынча болсо да карыздарыбыздан кутулуп алат элек», — дешти алар.

Маршруттук таксилердин иш таштоосу

Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочуларынын иш таштоосу эки күндөн бери уланууда. Алар бийликтен жол кире акысын көтөрүү маселесин чечип бербей жатканына нааразы болуп жатышат.

Шаар тургундары маршрутка жок болуп аткандыктан коомдук транспортторго (троллейбус, автобус) эл батпай, такси кызматтары жол кире акысын кымбаттатып жиберишкенин айтып нааразы болушууда.

Буга чейин мэрия айдоочулар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, жакынкы аралыкта маршруттук таксилер каттамга чыгарын айтып ишендирген.

Бирок, көп өтпөй эле ММКлар айдоочулардын нааразычылык акциясы бир жумага созуларын маалымдашты.

Ал арада мэрия жарандарга кайрылып, кайдыгер болбой жол тоскон адамдарды ала кетүүнү суранган. А бирок бишкектиктер айдоочулар иш таштаган биринчи күнү эле таң заардан бири-бирин ала кетип башташкан.

Кийин борбор калаанын муниципалитети «Манас» аэропорту менен «Дордой» Ассоциациясы жарандарды акысыз жеткирүү үчүн 15 автобус бергенин кабарлаган. Шаар ичинде жалпы 110 автобус жана 141 троллейбус кызмат кылып жатат.

Жогорку Кеңештин депутаттары 3-июндагы жыйында Бишкектеги маршруттук таксилердин иш таштоосун талкуулашты. Алар мэрия өз милдетин так аткара албай жатканына нааразы болуп, калаа башчысынын милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновду жана министрлер кабинетинин өкүлдөрүн парламентке чакыртышкан.

Тема боюнча окуңуз: Бишкек мэриясы жол кирени көтөрүү маселесин сентябрда чечип берүүнү убадалады