Кичи-Алайда аскердик тик учак шашылыш конууга аргасыз болду

Иллюстративдик сүрөт

Материал 16:37 жаңыртылды

Коргоо министрлигине таандык Ми-8 тик учагы Ош облусундагы Ноокат районуна караштуу Кичи-Алай айыл аймагына шашылыш түрдө конду. Бул тууралуу «Клоопко» Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Вертолёт Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек ара аймагына бара жаткан. 24.kg басылмасы тик учакта 15 киши болгонун, азырынча төрт киши табылганын жазды. Ал эми Коргоо министрлигинен вертолетто 10го чукул аскер болгонун, анын үчөө жеңил жаракат алганын маалымдашты.

Атайын кызматтан кулаган учакта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев болбогонун белгилешти. Ал эми чек ара кызматынан саат 14:00 карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал турукташа баштаганын билдиришкен.

УКМКнын чек ара кызматы тажик аскерлери 4-июнга караган түнү Кыргызстандын аймагына 1 чакырымга чейин кирип, Чоң-Алай районунун Унжу-Булак айылында контейнер орнотконун кабарлаган. Андан кийин тажик аскерлер 600 метрге жылып кетишкен.

Чек ара кызматы эрте мененки саат 6:00до абал «чыңалуу» болгонун кабарлаган. Министрлер кабинетинен тажик тарап «бул аракети менен мурдагы макулдашууларды бузганын» айтышты.

Учурда инцидент болгон жерге УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, министрлер кабинетинин чек ара маселелер боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев жана жер ресурстары боюнча Мамлекеттик агенттиги боюнча директор Абдулат Мырзаев барышты.

Анткен менен Тажикстандын расмий бийлиги орнотулган контейнер чек ара күзөтү болоорун, ал протоколдук келишимдин негизинде жайгаштырылганын билдирди. Ошондой эле, Тажикстандын тиешелүү органдары аталган чек ара күзөтү паритет принцибине ылайык коюлду деп белгилешти.

Бирок Ташиев жергиликтүү тургундар менен жолугушууда аталган аймак тактала элек экендигин билдирген. УКМКнын башчысы тажик тарап тактала элек аймактарга кирип, жерлерди өздөштүрүүгө аракет кылып жатышканын белгиледи.