Эки өлкөнүн УКМК башчылары Чоң-Алайда жолугат

Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов. Архивдик сүрөт

УКМК башчысы Камчыбек Ташиев тажикстандык кесиптеши Саймумин Ятимов менен Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасында жолугат. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев аталган райондун чек арага чектеш аймагында жашаган тургундар менен жолугушуусунда билдирди.

«Якимводу чакырдык, ал бул жака келе жатат. Келсе жолугуп, маселени тынчтык жолу менен чечкенге аракет кылабыз», — деди ал.

Ошондой эле Ташиев президент Садыр Жапаров «баарын тактап карап [көзөмөлдөп] турат» деп кошумчалады.

УКМКнын чек ара кызматы тажик аскерлери 4-июнга караган түнү Кыргызстандын аймагына 1 чакырымга чейин кирип, Чоң-Алай районунун Унжу-Булак айылында контейнер орнотконун кабарлаган. Андан кийин тажик аскерлер 600 метрге жылып кетишкен.

Чек ара кызматы эрте мененки саат 6:00до абал «чыңалуу» болгонун кабарлаган. Министрлер кабинетинен тажик тарап «бул аракети менен мурдагы макулдашууларды бузганын» айтышты.

Учурда инцидент болгон жерге УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, министрлер кабинетинин чек ара маселелер боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев жана жер ресурстары боюнча Мамлекеттик агенттиги боюнча директор Абдулат Мырзаев барышты.

Анткен менен Тажикстандын расмий бийлиги орнотулган контейнер чек ара күзөтү болоорун, ал протоколдук келишимдин негизинде жайгаштырылганын билдирди. Ошондой эле, Тажикстандын тиешелүү органдары аталган чек ара күзөтү паритет принцибине ылайык коюлду деп белгилешти.

Тема боюнча:

Ташиев: Тажик тарап тактала элек жерлерди өздөштүрүүгө аракет кылып жатат

Тажикстан чек ара күзөтүн протоколдук келишимдин негизинде койгонун билдирди

Видео: Тажик аскерлери такталбаган аймакка контейнер орнотушту