Паралимпиадага жолдомо уткан Арстанбек Базаркулов акчалай колдоого муктаж — футболчу Оторбаева

Токиодо өтө турган Паралимпиада 2021 оюндарына жолдомо утуп алган спортсмен Арстанбек Базаркулов каражатка муктаж, каражат ага оюндарга катышуу үчүн керек. Бул тууралуу футболчу Айдана Оторбаева фейсбук барагында билдирди.

«Бүгүнтөн баштап 10-июнга чейин Базаркуловго каражатты өзүм чогултуп, өз колуна тапшырып берем. Бардык кайдыгер карабагандарды каражат топтоого жардам берүүнү суранам», — деп жазган ал.

Футболчу кыз Арстанбек Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча спорт чебери, жергиликтүү жана эл аралык мелдештердин катышуучусу экендигин белгиледи.

«Жакында өткөн лицензиялык үч турнирде Базаркулов бардык керектүү нормативдерди аткарып, паралимпиадалык оюндарга жолдомо утуп алган. Бирок спортсмендин финансылык абалы оор, анын келинчеги биринчи даражадагы майып, эки кичинекей баласы бар, мындан сырткары, анын өз үйү дагы жок», — деп жазган Оторбаева.

Каражат топтоо үчүн реквизиттер:

Оптима Банк картасы: 4169585343287115 (А.О.К)

Демир Банктын реквизиттери: 4215890117325933 (А.О.К);

Элсом: 0779 17 96 17 (Р.Н.)

Жайкы Паралимпиадалык оюндар 2021-жылдын 24-августунан 5-сентябрына чейин Токиодо өтүүсү күтүлүүдө. Бул оюндар 2020-жылдын жай айларында эле өтүшү керек болчу, бирок Эл аралык олимпиадалык комитет оюндарды коронавирус пандемиясынан улам 2021-жылга жылдырган.

Жайкы Паралимпиадалык оюндар 1960-жылдан бери Олимпиадалык оюндардан кийин эле өтүлүп келет. Мүмкүнчүлүгү чектелген спортсмендер спорттун жыйырмадан ашык түрү: жеңил жана оор атлетика, теннис жана сүзүү боюнча мелдешишет.

Олимпиадалык оюндар дагы COVID-19га байланыштуу жылдырылган. Маалыматка караганда, олимпиада 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин Токиодо өтүүсү керек.

Материалды Бегимай Арстанбекова жана Нурсултан Үсөнов даярдады.