УКМК: Куралды этиятсыз колдонуудан улам жаракат алган экинчи аскер каза болду

Сүрөт: «CABAR» басылмасы

Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнө караштуу Паскы-Арык айылында октон жаракат алган экинчи аскер каза болду. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматы 3-июнда маалымдады.

Чек ара кызматынан 1-июнда «куралды этиятсыздык менен колдонуудан» улам бир аксер каза болуп, экинчиси жаракат алганын билдиришкен. Мекемеден аталган окуянын чоо-жайы боюнча маалымат беришкен эмес. Бирок тиешелүү органдар териштирүү жүргүзүп жатышканын белгилешкен.

Анткен менен «Турмуш» басылмасы өздүк булактарына таянып, 19 жаштагы жоокер 20 жаштагы чек ара кызматынын ефрейторуна «АК-47» автоматынан ок чыгарганын маалымдаган. Натыйжада бир аскер каза болуп, экинчиси Баткен облустук ооруканасына жеткирилгени кабарлаган. Ал эми «Кактус» басылмасы курал эки чек арачынын ортосундагы пикир келишпестиктерден улам колдонулганын жазган.

Тема боюнча:

УКМК: Куралды этиятсыз колдонуудан улам бир аскер каза болуп, дагы бири жарадар болду