УКМК: Куралды этиятсыз колдонуудан улам бир аскер каза болуп, дагы бири жарадар болду

Сүрөт: «CABAR.asia» басылмасы

Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнө караштуу Паскы-Арык айылында бир аскер каза болуп, дагы бири жарадар болду. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматы басма сөз кызматы 1-июнда кабарлады.

Мекеменин маалыматына ылайык, окуя кыргыз-тажик чек арасынын аймагында орун алган. Инцидент чек арачылар кызмат өтөп жатканда «куралды этиятсыздык менен колдонуудан» улам келип чыкканы айтылды.

«Учурда окуя болгон жерде Баткен чек ара отрядынын жетекчилиги бул факты боюнча териштирүү жүргүзүп жатат», — деп билдиришти чек ара кызматынан.

Анткен менен «Кактус» басылмасы өздүк булактарына таянып, курал эки чек арачынын ортосундагы пикир келишпестиктерден улам колдонулганын жазды.

Ал эми «Турмуш» басылмасынын өздүк булактары окуя 1-июнь саат 15:30 чамаларында болгонун билдиришти. Анда 19 жаштагы жоокер 20 жаштагы чек ара кызматынын ефрейторуна «АК-47» автоматынан ок чыгарып, кийинчерээк өзүнүн оозуна атып алганы айтылат.

Ошондой эле, басылма жарадар болгон чек арачы Баткен облусттук ооруканасына жеткирилгенин кабарлады.