Футбол 2022: Кыргыз курамасынын 1-тандоо матчына даярдыгы үзгүлтүккө учурады

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 7-июнда Бишкек убактысы менен саат 13:00дө Футбол боюнча 2022-жылы өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо айлампасында Монголиянын курамасы менен беттешиши керек.

Бирок Кыргызстан курамасынын тренери Александр Крестинин 6-июнда Жапониянын Осака шаарында өткөн басма сөз жыйында футболчулар матч алдында болгону бир эле жолу машыгышканын айтып берди.

Крестининдин айтымында, машыгуулар команда мүчөсүнүн бири коронавируска шектелип жаткандыктан үзгүлтүккө учураган.

«Кабыл алуучу тараптын мындай мамилеси туура эмес. Бизге себебин түшүндүрбөй эле даярданууну үзгүлтүккө учуратышты. Биз керек болсо теориялык да даярдык көрө албай жатабыз, анткени бир имараттын ичинде чогулууга болбойт», — деп түшүндүргөн Крестинин.

Ошондой эле ал мурдараак командынын коронавируска тапшырган тести терс жыйынтыкты көрсөткөнүн кошумчалады.

«Бирок, бул жерде да суроо жаралат, ал аэропортто тест тапшырып, бул жакка сопсоо эле келип, кантип бир түндө ооруп калмак эле? Экинчиден, анда эмне мейманкадана кызматкерлер ошолор эле, ошол эле кызматкерлер иштеп жатат, алар жуктурууга себепкер болушу мүмкүн да», — деди курамынын тренери.

Крестинин түшүндүргөндөй, ушул себептен курама команданын толук курамы бир гана жолу машыккан. Ал команданын тестинин жыйынтыгы терс экенине карабай, машыгууга тыюу салынганын белгиледи.

«Биздин тренерлик штаб менен администрациянын ичинен 14 адам, үч дарбазачы жана эки талаа оюнчусу шектелип жатат. Мындай шартта кантип даярданмак элек? Уюштуруу иштерин аягына чыгармайын, футбол жөнүндө сүйлөй да албайбыз», — деп билдирди Крестинин.

11-июнда тандоо матчынын экинчи айлампасында кыргыз курамасы менен Мьянманын оюнчуларынын кездешүүсү пландалууда. Дагы бир матчты 15-июнда өткөрүү пландалууда, ал жерде Кыргызстандын курамасы Жапониянын командасына каршы ойнойт.