Маршруткалар каттамга чыкты. Айдоочулар иш таштоо токтогонун айтышты

Маршруттук таксилердин айдоочулары беш күнгө созулган нааразылык акциясын токтотуп, каттамга чыгышты.

Бирок жүргүнчү ташуучу ишканалардын бири 24.kg басылмасына алар жол кире баасы боюнча чечимди дагы деле күтүп жатканын билдирген. Мэрия тариф сентябрда көтөрүлүшү мүмкүн экендигин айткан.

Маршруттук такси айдаган жарандардын бири Kaktus.Media басылмасына курган маегинде, өлкөнүн түштүгүндө болуп жаткан окуялардын айынан аларга көңүл бөлүнбөй жаткандыктан иш таштоону токтоттук деп айткан. Ал эгерде «сентябрга чейин тариф көтөрүлбөсө айдоочулар реванш аларын» кошумчалаган.

Айдоочулардын иш таштоосу

2-июнда Бишкектин маршрутка айдоочулары иш таштап, жол кире баасын көтөрүүнү талап кылышкан. Мэриядан азыр жол кире баасын көтөрүү мүмкүн эместигин билдиришкен. Шаарда коллапс башталган. Бирок бир нече күн өткөндөн кийин кээ бир жарандар маршруткалар жок Бишкек таза жана тыкан көрүнүп калганын айтышкан.

Коомдук транспорттун жетишсиздигинен улам, мэрия троллейбус жана автобустардын иш убактысын 23:00гө чейин узарткан. Андан тышкары, муниципалитеттин унаасы бар кызматкерлери жарандарды акысыз ташыган.

Жүргүнчүлөрдү бекер ташуу үчүн «Манас» аэропорту жана шаардын бир катар жеке ишкерлери дагы колдоо көрсөткөн.

Ошондой эле 20 автобусту президенттин жубайы Айгүл Жапарованын «Үмүт Булагы» фонду берген. Алар автобустарды «Шыдыр Жол» ишканасынан ижарага алышкан.

2021-жылдын январь айында дагы маршруткачылар жол кирени 15 сомго чейин көтөрүүнү талап кылып чыгышкан болчу. Бирок, мэрия тарифтерди көтөрүү узак процесс, майга чейин созулушу мүмкүн экенин айткан. Анда айдоочулар эки күндөн кийин каттамга чыгышкан.

Мэрия жана жол кире акысын

Бишкек мэриясы 26-апрелде коомдук транспорттун жол киресин көтөрүү боюнча коомдук талкуу башталганын билдирип, долбоордун регулятивдик таасиринин талдоосун жарыялаган.

Талдоо шаардыктар үчүн муниципалдык транспорттогу бааны 11 сомго чейин, ал эми жеке менчик автобустарда 15 сомго чейин көтөрүү эң ылайыктуу болоорун көрсөткөн

Мэриянын маалыматы боюнча учурдагы тарифтер транспортторду өз убагында техкароодон өткөрүүнү камсыздай албайт. Мындан сырткары маршруттук таксилерде транспорттук карталарды колдонуу мүмкүн эместиги мэрияны тынчсыздантат.

Мэрия тарифти көтөрүү жүргүнчү ташуучу ишканалардын жана айдоочулардын экономикалык абалын жакшыртып, мындан улам кадрлардын келип-кетүүсү токтошу мүмкүн деп эсептейт.