Президент Чүй облустук сотунун мас абалдагы төрагасы тартылган видеону көрсөттү

Президент Садыр Жапаров 7-июнда Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин жыйынында Чүй облустук сотунун мас абалдагы төрагасы тартылган тасманы көрсөттү.

Видеону ал жыйын аягында көрсөтүп, андан кийин Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакировадан видеодогу адамды таанып-таныбасын сурады.

Бакирова видеодогу адамды Чүй облсотунун төрагасына окшоштурганын айтып жооп берди. Андан соң президент мындай судьялар менен жада калса мыйзамдар «алтын тамга» менен жазылса дагы реформаны аягына чыгаруу мүмкүн эместигин айтты.

«Мына бир килейген облстун төрагасы, соттордун төрагасы, күндө арак ичип мас, күндө мас келет экен, кабинетине күндө ушинтип кирет экен. Ошондуктан урматтуу Жогорку соттун төрайымы тазаланыңыздар, бүгүн токтоосуз чакырып туруп, Соттук кеңештин жыйынына алып чыгыңыз», — деп тапшырма берди Жапаров.

Жогорку соттун сайтындагы маалыматка караганда, учурда Чүй облустук соттун төрагасы болуп Дамирбек Оңолбеков эсептелет.