«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүүгө Жогорку Кеңештин эч кандай укугу жок. Мындай пикирин юрист Сания Токтогазиева фейсбук барагы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, парламенттин регламентке ылайык мөөнөттөрүнүн баары эбак эле соңуна чыккан.
«Сооронбай Жээнбеков 2020-жылдын 3-августунда документти кайрадан толуктоо үчүн Жогорку Кеңешке жөнөткөн. Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү 62-беренеге ылайык, макулдашуу топту 10 күндөн ашпаган убакыт аралыгында, тактап айтканда, 2020-жылдын 14-августунда түзүү керек болчу», — деп белгилеген юрист.
Токтогазиева макулдашуу тобу түзүлгөндөн кийин 30 күндүн ичинде мыйзамдын макулдашылган вариантын депутаттардын кароосуна жибериши керек экенин дагы жазды.
«Тагыраагы, бул процессти 2020-жылдын 12-сентябрынан кечиктирбей жыйынтыктоо керек эле. Андан бери 10 ай өттү! Аталган мыйзам долбоору автоматтык түрдө кабыл алынган жок деп саналат, макулдашуу тобу тууралуу сөз кылууга да болбойт», — деп билдирген ал.
Буга чейин Кыргызстандын медиокоомчулугу жана «Адилет» укуктук клиникасынын юристтери парламент депутаттарына биргелешкен билдирүү менен кайрылышкан. Алар тармактык комитетке макулдашуу тобун тузүү тууралуу маселени күн тартибинен алып салууну сунушташкан.
Юристтер президент каршы пикирин билдиргенден бери 10 ай өткөнүн, «бул “ЖКнын регламенти жөнүндөгү” мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттөн кыйла ашып кеткенин» — бул мөөнөттөр сегиз ай мурда эле өтүп кеткенин белгилешкен.
Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча парламенттик комитет 31-майда «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү» мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзгөн.
Топтун толук курамы азырынча тактала элек, бирок анын курамына юстиция, экономика, санариптик өнүгүү министрлигинин жана УКМКнын өкүлдөрү кирери белгилүү. Андан тышкары, топтун мүчөлүгүнө мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Гүлшат Асылбаева жана депутат Евгения Строкова кошулары айтылган.
Эмне болгон мыйзам долбоору
«Маалыматты манипуляцилоо жөнүндөгү» чуулгандуу мыйзам долбоорун депутаттар Гүшат Асылбаева менен Айнура Осмонова демилгелеген. Бирок көбүнчө Асылбаевага тиешелүү деп элге сиңип калган, себеби ал мыйзам долбоорун коргоп, сын айткан колдонуучуларды «фейктер жана троллдор» деп атаган.
Осмонова менен Асылбаева өз мыйзамы менен интернетте жайылтылып жаткан жалган же анык эмес маалыматтардын үстүнөн көзөмөлдү күчөтүп, андан тышкары, провайдерлерди колдонуучулар тууралуу маалыматты сактоого милдеттендирүүнү сунушташкан.
Ошондой эле мыйзам долбоорунда ыйгарым укуктуу орган жалган деп эсептеген маалыматка чектөө коё алат деп көрсөтүлгөн. Бирок Кыргызстандын учурдагы мыйзамына ылайык, мындай чечимди бир гана сот чыгара алат.
Ошол эле учурда аталган мыйзам долбоору Орусияда кабыл алынган ушундай эле мыйзам менен 64%га дал келет. Ал эми айрым беренелер эч өзгөртүүсүз көчүрүлгөн.
Мыйзамдын долбоору кескин сынга алынып, юристтер ал жарандардын сөз эркиндигине болгон конституциялык укугун «одоно» бузаарын жана интернетте мамлекеттик цензура орнотоорун белгилешкен.
Терс коомдук пикир жаралгандан кийин ошол убактагы президент Сооронбай Жээнбеков чуулгандуу мыйзам долбооруна каршы лык билдирген пикирине кол коюп, аны парламентке толуктоо үчүн кайтарып берген.
Андан соң өлкөдө бийлик алмашып, саясий кризис башталып кеткенде мыйзам долбоору унутта калган, бирок жакында эле, 31-майда депутаттар мыйзам долбоорун кайра талкуулоону чечишип, ал тургай мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун дагы түзүшкөн.
ТЕМА БОЮНЧА: