Эпидемиялык кырдаалга байланыштуу Ош шаары жана Ош облусу «кызыл зонага» кирди

Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев 8-июндагы брифингде Ош шаары жана Ош облусу «кызыл зонага» киргенин билдирди. Анын айтымында, аталган аймактарда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны кескин өсүп жатат.

«Акыркы суткада Ош шаарында коронавирустун 50 лабораториялык тастыкталган учуру катталды. Ош облусунда 32 жаңы учур — анын 28и лабораториялык тастыкталган, төртөө клиникалык эпидемиологиялык симптомдор менен катталды», — деп түшүндүрдү ал.

Рахматтулаевдин айтымында, буга чейин «кызыл зонада» Бишкек шаары, Чүй жана Ысык-Көл облустары болгон.

Аймактарды зоналар боюнча бөлүштүрүү эки көрсөткүч менен болот. Биринчиси, R-репродукциянын көрсөткүчү, башкача айтканда ооруган адамдын байланышта болгон адамдарга жуктуруу божомолунун саны. Экинчиси, коронавирустун акыркы жумада 100 миң адамдын арасында жайылышы.

Ал арада Ош шаарынын Алишер Навои атындагы мектебинде күнү-түнү иштеген стационар уюштурулду. Мындай сыяктуу стационарлар Ош облусунун башка райондоруна да ачуу пландалууда.

Бүгүнкү күндө Ош шаарынын ооруканаларында 142 бейтап дарыланууда — алардын сегизи өтө оор абалда.

Акыркы суткада коронавирустун 379 жаңы учуру катталды — жалпысынан инфекция өлкөдө 107 714 кишиден аныкталган. Алардын ичинен 101 033 киши айыгып, 1 859 бейтап көз жумган.