УКМКнын Бишкек боюнча башкармалыгынын экс-башчысы кармалды

Биринчи май райондук сотунун 4-июндагы чечими менен УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын мурдагы башчысы Нурлан Дүйшекеев 31-июлга чейин УКМКнын ТИЗОсуна киргизилди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Нурлан Дүйшекеев. Сүрөт: Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы.

Соттун басма сөз кызматы ал сотко чейинки өндүрүш аяктаганга чейин ТИЗОдо болорун кошумчалашты, бирок күч түзүмдөрүнүн мурдагы кызматкери кайсыл кылмышка шектелип жатканын ачыкташкан жок.

УКМКнын басма сөз борборунан Дүйшекеевдин ишин Аскер прокуратурасы териштирээрин белгилешти.

24.kg сайтынын маалыматына ылайык, УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын мурдагы башчысы Elite House курулуш фирмасынын экс-башкы директору Тимур Файзиевдин иши боюнча кармалган. Сот Файзиевди коррупцияга аралашкан деген шек менен сыртынан камакка алган.

Дүйшекеев тууралуу ачык маалымат булактарында маалымат аз. 2019-жылы ал УКМК 8-мартта аялдардын укугу үчүн жыл сайын өткөн тынчтык маршынын катышуучуларынын санын азайтуу үчүн чоң жумуш жасаганын билдирген.

Файзиевдин иши

27-майда бир катар ЖМКлар жеке маалымат булактарына таянып, Тимур Файзиев коррупцияга аралашкан деген шек менен кармалганын жазышкан.

Бирок көп өтпөй эле Файзиевдин жүргөн жери учурда белгисиз экени жана сот аны камакка алууга сыртынан чечим чыгарганы белгилүү болгон. Соттон тактоо кылышкандай, баш коргоо чарасы сыртынан кабыл алынганда анын мөөнөтү аныкталбайт.

Эгерде Файзиев кармалса, анда ал ЖАМКка караштуу №21 мекемесине жөнөтүлөт — бул ТИЗО-1. Тергөөнүн Файзиевге кызыгуусу кимдин ишине байланыштуу экени белгисиз.

Бирок буга чейин Бишкектин экс-мэри Азиз Суракматов кармалган. Мурдагы калаа башчысы мыйзамсыз баюуга шектелип жатат — тергөөнүн версиясы боюнча, Суракматов борбор калаада мэр болуп турганда мэриянын айрым кызматкерлери жана ири курулуш компаниянын өкүлдөрү менен бирге коррупциялык схеманы түзүп, муниципалдык жерлерди коммерциялык мекемелер жана көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн берүүгө шектелип жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Файзиев коррупция жана мыйзамсыз курулушка аралашууга шектелүүдө. Ага издөө жарыяланды