Кадамжай: Депутат 50 кг баңгизат жана 250 миң доллар менен кармалды

Сүрөт: УКМК

Баткен облусунун Кадамжай районунда баңгизат жүгүртүү менен алектенгенүүгө шектелип жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды. Ал 7-июнда Баткен ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, депутат баңгизаттардын партиясын Өзбекстанга өткөрүү максатында сатып жаткан жеринен кармалган.

Анын үйү тинтүүгө алынып, 9 килограммдан ашык чийки апийим, 4 килограмм гашиш, 37,5 килограмм марихуана, 1 уруксаты жок курал, 232 миң АКШ доллары, 42 миллион 299 миң 500 өзбек суму жана 106 миң сом акча каражаттары табылган.

Ошондой эле, атайын кызмат ал уюшкан кылмыштуу баңги тобунун уюштуруучусу болуп, баңгизаттарды Тажикстандан Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга сатуу үчүн туруктуу канал түзүп алганы аныкталган деп маалымдайт.

Мындан улам «Баңгизат каражаттарын сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен иш ачылып, депутат менен кошо дагы эки киши кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда аталган баңги каналынын башка уюштуруучуларын аныктоо боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.