«Орел&Решка» инстаграм баракчасынан Ошко келе турганы боюнча постту өчүрдү

«Орел&Решка» телешоусу июль айында Ош шаарына келээри тууралуу постту инстаграм баракчасынан өчүрдү. Көрсөтүү калаага келип-келбеши учурда белгисиз.

7-июнда «Орел&Решка» инстаграмдан Кыргызстандын Ош шаарына келээрин жана кайсыл жактарга баруу боюнча локацияларды издеп жатышканын кабарлаган болчу. Маалыматты Ош мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров фейсбукка бөлүшүп, соцтармактарда аталган жаңылык талкуу жараткан. Көбүнчө шаар тургундары калаадагы көйгөйлөрдү атап беришкен.

Шаар тургундарынын көпчүлүгү «уят кылбагыла», «жакшы жерлерди көргөзгүлө» жана чыгармачылык топ келгенде «жамгыр жаабай турсун деп тиленгиле» деп жазышкан — анткени жаан-чачын болгондо калаада таза суу берүү токтотулат. Мындан улам көп кабаттуу үйлөрдө дааратканага баруу түйшүк жаратат. Ал эми коомдук тамактануучу жайлар, эс алуу борборлору адатта ишин убактылуу токтотот.

«Масалиев көчөсүндөгү кесилген ямаларды, пробкаларды, жамгыр жааганда суу токтошун, тар көчө, жаан-чачында бассейн боло турган жолдор жана башка ушул сыяктуу мактана турган нерсебиз көп экен», — деп пикир калтырган Абсаттаровдун постуна тургундардын бири.

Ал эми кээ бирлери бул ишке мэрия кийлигишпей, шаардын тазалыгын гана камсыздап берсе туура болоорун айтышкан.

Абсаттаровдун постунун астына «Сулайман-Тоо саргайып жатат, суугарып жапжашыл кылып койсо болмок» деген пикир да айтылган.

«Орел&Решка» көрсөтүүсү Кыргызстанга 2013-жылы келген. Анда алып баруучулар Настя Короткая жана Андрей Бедняков Бишкек шаарын кыдырып, жайлоолорду, Ысык-Көлдү жана бүркүттөрдүн аңчылыгын көрүп кетишкен.

Ар бир көрсөтүүдө алып баруучулар кайсы бир өлкөгө саякатташат. Алардын бирөө саякат учурунда каалаганча каражат иштетсе, бирөөсү эки күн 100$ долларга жашашы керек болот.