Бишкек: Милиция «Клооптун» журналистине ыдык көрсөткөн жигитке түшүндүрүү ишин жүргүздү

Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы «Клооптун» журналисти Айдай Токоевага ыдык көрсөткөн жигит милиция кызматкерлеринин түшүндүрүү маегинен кийин бошотулганын билдирди.

Окуянын өзү 9-июнга карата түнү Токоева үч курбусу менен Бөкөнбаев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде кетип жаткан учурда болгон.

«Бир секунд нес болуп туруп калдым, анткени жанымда ушунча курбум турса мындай болуп кетет деп күткөн эмес элем. Бирок андан кийин эсиме келип, милицияга чалып, аны кармоого аракет кыла баштадым», — деп билдирди Токоева.

Милиция бул фактыны «Майда бейбаштык» беренеси боюнча КЖБРге каттаган.

Видео жарыялангандан кийин ыдык көрсөтүү окуясы коомдо чуу жараткан. Көп өтпөй милициядан 1999-жылы туулган жигит өзү келип, кечирим сураганын кабарлашкан.

«Беттешүүдө ал кечирим сурап, ишти токтотууну суранды. Мас абалында болгонун, капыстан мага тийип кеткенин айтып актанды. Бирок ишти токтотоордон таптакыр баш тартканымда “болбогон нерсе үчүн ушунчалык да ызы-чуу кыласыңарбы” деди», — деп айтып берди Токоева.

Аталган жигит суракка келип турууга милдеттенме алгандан кийин бошотулду, тергөө уланууда.