Самат Курманкуловго генерал-майор наамынын погондору тапшырылды

Самат Курманкулов. Архивдик сүрөт

Чүй ОИИБдин башчысы Самат Курманкуловго 9-июнда милициянын генерал-майору наамынын погондору тапшырылды. Аталган наамды ага 5-мартта президент Садыр Жапаров ыйгарган.

Погондорду милиционерге Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана Ички иштер министри Улан Ниязбеков ыйгарды. Алар Курманкуловдун ал-абалын сурап, батыраак айыгып катарга кошулуусун каалашты.

Буга чейин Курманкулов «Эрдик» медалы менен сыйланган — аны экс-президент Сооронбай Жээнбеков тапшырган.

Курманкулов 2019-жылдын 7-августунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн штурмга алуу учурунда башына таш тийип, жаракат алган.

Ал алгач Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланып, өзүнө келбей абалы оорлогондо Москвадагы Бурденко борборуна которулган. Ал жактан башына операция жасалгандан кийин 2020-жылдын апрелинде Кыргызстанга кайткан.

Атамбаевдин үйүн штурмга алуу

Бийлик Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча суракка үч жолу келбей койгондон кийин үйүн 7-8- августта штурмга алган. Анда төшүнө тийгек октон бир спецназчы каза таап, 170ге чукул адам ар кандай жаракат алган.

Атамбаев күбө катары суракка алынмак бирок кармалгандан кийин анын макамы шектүүгө өзгөргөн.

Ал камалгандан кийин, Атамбаев айыпталуучу катары өтүп аткан «Массалык баш аламандыкты уюштуруу», «Адамдарды барымтага алуу», «Адам өлтүрүү» жана «Адам өмүрүнө кол салуу» беренелери боюнча бир нече кылмыш иштери козголгон.