Футбол 2022: Мьянмага каршы беттеште кыргыз курамасынын дарбазасын чабуулчу коргойт

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын машыктыруучусу Александр Крестинин 10-июндагы басма сөз жыйында 11-июнда өтө турган Мьянмага каршы беттеште улуттук кураманын дарбазасына талаа оюнчусу коюларын билдирди.

Ушуну менен кыргыз футболчулары негизги курамда экинчи жолу дарбазачысы жок ойноп жатат. Бул жолу кураманын дарбазасын Эрнис Батырканов коргойт.

«Жеңгенге аракет кылабыз. Албетте болуп жаткан окуяларга баары нааразы болушууда, анткени эч кандай логика же абалды жакшыртуучу аракет жок, кош стандарттуулук болууда», — деп билдирди Крестинин.

Буга чейин Кыргызстан-Монголия оюнунда кыргыз курамасынын дарбазасына коргоочу Айзар Акматов турган. Команда мындай чечимди негизги дарбазачылар оюнга чейин коронавируска шектелгендиктен болду деп кабыл алган. Анда кыргыз курамасы Монголияга 0:1 эсебинде жеңилген.

Covid-19 пандемиясына байланыштуу чектөөлөрдөн улам F тобундагы жыйынтыктоочу матчтардын баары Жапониянын Осака шаарында өтүүдө, ага ылайык, кыргызстандык команданын курамын тез аранын ичинде толуктоо мүмкүнчүлүгү болгон эмес.

Кыргызстандын курама командасынын Мьянмага каршы оюну Жапониянын Осака шаарындагы «Нагаи» стадионунда өтүүдө.