Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Мьянманын таш-талканын чыгарды

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы / Сүрөт: Кыргыз футбол союзу

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2022-жылы өтүүчү Дүйнө чемпионатынын тандоо турниринин экинчи стадиядагы акыркы оюндарында мьянмалык атаандаштарын ири эсеп менен жеңди.

8:1 эсебиндеги ири жеңишке карабастан Кыргызстандын курама командасына Дүйнө чемпионатынын кийинки тандоо баскычына өтүүсү баары бир деле абдан кыйын болот.

Топтогу экинчи орунга башкы талапкер Тажикстандын курамасында Кыргызстандыкындай эле упайы жана өткөргөн матчы бар. Бирок 15-июнда өтө турган акыркы турда тажиктер мьянмалык аутсайдерлерге каршы ойношот, ошол эле убакта Кыргызстан топтогу лидер Жапониянын курамасы менен ойнойт.

Упайлар тең болуп калса, топтогу экинчи орунду ээлөөгө Кыргызстандын шансы жогору — команданын топ киргизген жана өткөрүп жиберген учурлары, тажикстандык атаандаштарына караганда айырмасы жакшыраак. Бирок бул теңдештикке жетүү үчүн Кыргызстан же континенттин күчтүү командаларынын бири Жапонияны сөзсүз утушу керек же Тажикстандын Мьянмадан утулушун тилеши кажет.

Гол киргизүү боюнча жаңы рекорд

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Мьянмага каршы матчта / Сүрөт: Кыргыз футбол союзу

Мьянмага каршы оюн Кыргызстандын курама командасы үчүн тарыхтагы жемиштүү матч болду.

Буга чейинки Монголияга каршы оюн сыяктуу эле бул жолку беттеш Япониянын Осака шаарындагы ээн стадиондо өттү, ал эми кыргыз футболчуларынын бир бөлүгү — анын ичинде команданын дарбазачыларынын баары — коронавируска шектелип, карантинге алынган. Эки оюн катары менен Кыргызстан дарбазага талаа оюнчусун коюуга аргасыз болду, бул жолу чабуулчу Эрнис Батырканов дарбаза тосту.

Буга чейинки матчта убактылуу дарбазачы болгон коргоочу Айзар Акматов өз ордуна кайтты. Тагдырдын тамашасыбы, айтор 21-мүнөттө кыргыз курамасынын гол киргизүү чабуулун биринчи болуп дал ошол Акматов баштап берди — Мирлан Мурзаев сол жак флангдан Акматовдон топту алып, аны штрафнойго илип берди, ал жерден кайра Турсунали Рустамов өткөрүлгөн топту башы менен сүзүп гол киргизди.

Мындан үч мүнөт өткөн соң Мьянманын оюнчуларынын саны кемиди — Наинг У Ян Алимардон Шүкүровду бетке тээп, дароо оюндан чыгарылды.

Мунун баары кыргызстандык команданын психологиялык абалына таасир этпей койгон жок, ошентип Мьянманын дарбазасына голдор биринин артынан бири кирип жатты.

29-мүнөттө Гүлжигит Алыкулов сол флангдан атырылып чыгып эсепти жаңыртты. 34-мүнөттө Фархат Мусабеков менен Абай Боколеев бири-бирин жандап ойноп келип, эсепти кыйратуучу деңгээлге жеткирди.

45-мүнөттө Шүкүров ылдый жактагы оң бурчка катуу сокку уруп, командасына төртүнчү голду алып келди. Ал эми биринчи тайм бүтөйүн деп калганда Мурзаев Алыкуловдун берген тобун секирип тээп, оюндун эң көрктүү голун киргизди.

Экинчи таймда Кыргызстан салыштырмалуу жайбаракат ойноду. Ага карабай Мурзаев 61-мүнөттө адаттан тыш гол киргизип, эсепти 6:0гө жеткирди.

Арадан эки мүнөт өткөн соң Абай Боколеев Мьянманын толугу менен нес болуп калган коргоосунан пайдаланып, сол флангда жалгыз калып, дарбазанын бурчуна топ алып келди.

69-мүнөттө оюнчуну алмаштыруу үчүн келген Бо Бо Хлаинг Батырканов тоскон дарбазага бир гол киргизип, мьянмалык футболисттердин демин басты, бирок 78-мүнөттө Мурзаев дээрлик дарабазанын чийининен Элдар Молдожунусов берген топту таамай тээп хет-трик жасады.

Ошентип, 8:1 эсебинде жеңген Кыргызстан бир эле оюнда киргизген голдордун эсеби боюнча жеке рекордун жаңыртты — буга чейинки рекорд ушул эле Мьянма командасынын дарбазасына кирген 7 гол болчу.

2022-жылдагы Дүйнө чемпионатынын тандоо турниринин экинчи стадиясынын акыркы турундагы F тобундагы жайгашуу:

  1. Жапония — 21 упай, киргизлген/кирбей калган голдордун айырмасы: +40
  2. Кыргызстан — 10 упай, +11
  3. Тажикстан — 10 упай, −2
  4. Монголия — 6 упай, −24
  5. Мьянма — 6 упай, −25

Тандоо турниринин кийинки баскычына Азия аймагынан бардык сегиз топтун жеңүүчүлөрү жана өз топторунда экинчи оорунду камсыз кылган мыкты командалар өтөт. Экинчи орунду ээлеген командалардын рейтингинде Кыргызстан акыркы орунда.

2022-жылда өтүүчү дүйнө чемпионатынын тандоо туру 2023-жылдагы Азия чемпионатынын тандоо оюндары менен айкалышып өтүп жатат. Кыргызстан үчүнчү тандоо стадиясына өтүүгө кепилдик алды.